AIYM ISHKER - 2024

2024-жылдын 16-ноябрында AIYM ISHKER форуму ийгиликтүү өттү! 

«Айым ишкерлер комитетинин» 10 жылдыгына арналган «Ийгилик, өсүү жана инновация» аталышындагы форум тажрыйба алмашуу жана байланыштарды түзүү үчүн айым ишкерлерди бириктирүүгө багытталган.

Аталган иш-чарада Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан жаңыдан иш баштаган жана тажрыйбалуу бизнес-айымдар катышып, жалпысынан 350дөй катышуучу болду.

Форумдун ачылышына ассоциациянын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты:
-Жоодар Омошов, JIA бизнес-ассоциациясынын төрагасы;
-Аззамбек Жээнбай уулу, JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору;
-Шарбат Бекмагамбетова, JIA бизнес-ассоциациясынын айымдар комитетинин төрайымы;
-Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаты;
-Аида Исатбек, Жогорку Кеңештин депутаты;
-Назира Жакыпова, JIA бизнес-ассоциациясынын айым ишкерлер комитетинин Кыргызстан боюнча менеджери.