9-декабрь - Коррупция менен күрөшүнүн эл аралык күнү

2024-жылдын 9-декабрында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган илимий-практикалык конференциянын алкагында, JIA Бизнес-ассоциациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Сартмаметов Б.Т. аймактарда ишкерлер менен системалуу жолугушууларды өткөрүүнүн жана алардын көйгөйлөрүн чечүүдө практикалык жардам көрсөтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи. 

Анын айтымында, бул чаралар ишкерлердин Прокуратурага болгон ишенимин бекемдейт.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы уюштурган. Ал алдыңкы эксперттерди, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык жана ишкердик коомчулуктун өкүлдөрүн чогултту.