5-мартта Бишкек шаарында Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү

5-мартта Бишкек шаарында Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү. Иш-чарага Индия жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, JIA Бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү, ишкерлер жана эксперттер катышты.

Иш-чарада төмөнкү багыттар боюнча талкуу жүргүзүлдү:
- Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр
- Экономикалык кызматташуу перспективалары
- Соода жана туризмди өнүктүрүү
- Индия менен биргелешкен ишканаларды түзүү жолдору

Тегерек столдо JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов, JIA Бизнес-ассоциациясынын Аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу, Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Асылбаева Гүлшат Кадыровна, Индия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав жана башка бизнес-ассоциациялардын жетекчилери сөз сүйлөштү.

Тегерек столдун жыйынтыгында Индиянын элчилиги Кыргызстандын ишкерлеринен Индияга кандай сунуштар жана суроо-талаптар бар экенин билүү максатында кайрылуу жасады. Ошого байланыштуу, эки тараптуу соода жана инвестицияларды жакшыртуу үчүн бул сурамжылоону түздүк. Жыйынтыктар Индия элчилигинин өкүлдөрүнө жөнөтүлүп, ошол эле учурда сиздерге жардам берүүгө аракет кылабыз.

Сурамжылоого катышуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/AfJD8j9YjkkCphda7