Ташкенттеги текстиль жумалыгында Өзбекстанда Better Work программасынын башталышы боюнча меморандумга кол коюунун расмий аземи болуп өттү. Бул документ текстиль компанияларына дүйнөлүк бренддер менен иштөөгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Конференцияга “Социалдык диалог” долбоорунун алкагында JIA Бизнес Ассоциациясы катышты. «Социалдык ишкердик: Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү” –панелдик талкуулоодо баяндамачы катары JIA башкармалыгынын төрагасы Жоодар Омошов сөз сүйлөдү.
Социалдык диалог – бул Борбор Азиядагы палаталар жана иш берүүчүлөр ассоциациялары катышкан өнөктөштүк долбоору.
Негизги максат: Өнөктөш өлкөлөрдөгү социалдык диалог Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда адилеттүү жана социалдык эмгек мамилелерин ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Долбоор Германиянын Федералдык Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланат.
Долбоордун өнөктөштөрү:
1) Мекленбург-Төмөнкү Помераниянын Экономика билим берүү борбору - Bildungswerk der Wirtschaft MV e.V.
2) Германиянын металлургиялык жана электрдик өнөр жай ишканаларынын иш берүүчүлөрүнүн ассоциациясы - Nordmetall
3) Бизнес Ассоциация JIA
4) «KAZLOGISTICS» Казакстан транспорт кызметкерлер одагы
5) «ПАРЫЗ» Иш берүүчүлөрдүн улуттук конфедерациясы
6) Өзбекстандын Иш берүүчүлөр конфедерациясы (CEU)