30-январда JIA ишкерлери Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов менен жолугушту. Ошондой эле жолугушууга Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү да катышты.
Жолугушууда салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу маанилүү маселелер талкууланды.
“Бүгүн салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу маанилүү жолугушууга катыштык. Анда салыктык башкаруу, ЭТТН жана ЭСФ боюнча маалымат берилди. Ишкерлер жана компаниянын бухгалтерлери керектүү маалыматтарды жана суроолорубузга жоопторду алышты. Уюштуруучуларга чоң рахмат!” — деп иш-чара тууралуу пикирин “Учет Профлайн” бухгалтердик компаниясынын кызматкери Элиза билдирди.
JIA Бизнес-ассоциациясы ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү максатында мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып, эки тараптуу диалог аянтчаларын өткөрүп келет. Ушул эле иш-чараларды аймактагы ишкерлер үчүн да өткөрүү пландалууда.
Иш-чаранын демөөрчүсү “Учет Профлайн” компаниясына ыраазычылык билдиребиз!