2023-жылдын 28-сентябрь күнү Жашыл Каржылоо боюнча ачык жыйын болуп өттү

Иш-чараны JIA Жашылдар комитетинин төрагасы – Кубанычбек Алимов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жана КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Усенбекова Айнура куттуктоо сөздөрү менен ачышты.

Негизги баяндамачы Нью-Йорк штатынын энергетикалык изилдөө жана өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы Ричард Кауфман мырза болду. Ал ошондой эле Generate Capital уюмунун төрагасы. Кауфман мырза Нью-Йорк штатынын жашыл каржылоосу, өзгөчө кайра жаралуучу энергия тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.

Өлкөдө жашыл экономиканы илгерилетүү процессине бизнес-коомчулуктун катышуусу жыл сайын күч алууда жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыла турган бул маанилүү багытта жеке сектордун активдүү позициясы байкалууда.

Кыргызстандын жеке секторунун жашыл каржылоо боюнча жолугушуусун JIA бизнес-ассоциациясы жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги уюштурду.