2023-жылдын 26-апрелинде Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Консультативдик кеңештин иш-аракетинин, Башкы прокуратура менен бизнес-коомчулуктун биргелешкен ишинин жыйынтыгында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу 2022-жылдын 7-декабрындагы укук коргоо органдары жана салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн ишкердик субъекттерине текшерүүлөр жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен Консультативдик кеңештин жыйынында «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы ( Ишкердик текшерүүлөрдү электрондук форматта каттоону камсыз кыла турган АИС “РСПП”) көрсөтүлдү.

JIAнын Укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев кийинки маселелер боюнча сөз сүйлөдү:

- ишкердик субъекттерин салык жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр;
- текшерүүлөргө мораторий .

Ошондой эле талкууланга түшкөн маселелер:
- аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан товарлар атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө чоң зыян алып келип жаткандыгы;
- ишкерлерге карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо;
- ишкерлердин аброюна шек келтирген камакка алуулар жана бул жөнүндө эрте резонанс жаратуу;
- рейддик салык контролу;
- ККМди колдонбоо үчүн жоопкерчилик.