22-февраль JIA Бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен бизнес коомчулуктун бизнес-эртем форматында уюштурулган жолугушуусуна катышты.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин жетекчилиги, Президенттик Администрациянын өкүлдөрү, Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер катышты.
Жолугушууда бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, ишкердикти колдоо, инвестицияларды тартуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, экономика жана ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча ой-пикирлер айтылды.
“Ишкерлер менен мамлекеттик органдардын жетекчилери ортосундагы формалдуу эмес форматтагы жолугушууларын көбөйтүү маанилүү кадам. Көпчүлүк учурда аймактардагы ишкерлердин көйгөйлөрү борборго жетпей калат же кечигип каралат. Андыктан, бул форматтагы жолугушууларды аймактагы ишкерлер менен да өткөрүүнү сунуштайбыз . Бул багытта JIA аймактык филиалдары аркылуу кызматташууга даяр. Андан сырткары, Ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү азайтуу жана мамлекеттик текшерүүчү органдардын бизнестин өнүгүүсүн колдоо аркылуу салык төлөөгө үндөө жана багыттоо саясатын жүргүзүүнү сунуштайбыз. Бул өз кезегинде, ишкерлерди салык төлөөгө шыктандырат жана жалпы экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.” – деп жолугушуу учурунда Аззамбек Жээнбай уулу сунушун билдирди.
JIA иш-чараны уюштургандыгы үчүн Эл аралык ишкерлер кеңешине ыраазычылык билдирет.