Жеткирүүчүлөрдүн 20-күнү

2025-жылдын 10-апрелинде Германиянын Росток шаарында өткөн “Жеткирүүчүлөрдүн 20-күнү” аттуу эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандан JIA ишкерлери катышышты. Бул иш-чара айыл чарба, логистика жана өндүрүш тармактарында иш алып барган компаниялар үчүн жаңы өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жана тажрыйба алмашууга уникалдуу мүмкүнчүлүк жаратты.

Көргөзмөгө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өндүрүшчүлөр, жабдуу жеткирүүчүлөр жана бизнес өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын атынан бул иш-чарага өндүрүш, курулуш, электротехникалык тейлөө, электрондук коммерция, текстиль, соода жана билим берүү тармактарында иш алып барган JIA ишкерлери катышышты. 

Ошондой эле, Кыргызстандын жети облусунан келген JIA мүчөлөрүнүн өндүргөн продукциялары көргөзмөдө коюлуп, эл аралык деңгээлде таанытылды.