Жолугушуда вице-мэр мэрия экологиялык демилгелерге басым жасап жатканын билдирди.
Мисалы:
Жылуулук насосторун орнотуу;
Шаардын мектептеринде күн коллекторлорун орнотуу;
Электр унаалары жана электр самокаттары үчүн жеткиликтүү инфраструктура;
Шаардын жолдорун жашыл экономика принциптерине ылайык асфальттоо;
Аэропорттон шаарга чейинки жолго сэндвич-панельдерди орнотуу ж.б.
Шамыралиев Жыргалбек мэрия жашыл экономика принциптери боюнча сунуштарга жана долбоорлорго даяр экенин белгиледи.