Юстиция министри Аяз Баетов жана министрликтин башка кызматкерлери төмөндөгүлөр боюнча иш-чаралар менен тааныштырышты.
- мыйзамдарды дебюрократизациялоо;
- тиешелүү мамлекеттик кызматтарды жеке секторго өткөрүп берүү;
- юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндө реформа жүргүзүү;
- нотариалдык иш-аракеттерди жана соттук-медициналык иштерди аутсорсингге берүү.
ЖИАнын укуктук кеңешчиси төмөндөгүлөр боюнча сунуштарды берди:
- нотариалдык аракеттерди санариптештирүүнү өркүндөтүү;
- чарбакер субъекттерди каттоо жана жоюу процесстерин жөнөкөйлөтүү;
- жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнүн артыкчылыктары, анткени көптөгөн ишкерлер жана жарандар сот чечимдеринин реалдуу аткарылышына күбө боло алышпайт.