“Бизнести агартуу кербени” иш-чарасы Кара-Балта шаарында 15-апрелде өткөрүлөт

Урматтуу Кара-Балта шаарынын ишкерлери жана жумуш берүүчүлөрү,

“Бизнести агартуу кербени” иш-чарасы Кара-Балта шаарында 15-апрелде өткөрүлөт.

Бул иш-чаранын негизги максаты — салык жана эмгек мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөрдү, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги жаңы талаптарды ишкерлерге түшүндүрүү. Мындан тышкары, аймактардагы туризмди өнүктүрүү боюнча актуалдуу маалыматтар берилет.

Иш-чаранын алкагында сизге төмөнкү мүмкүнчүлүктөр сунушталат:

Жаңы салык талаптары жана ишкерлер үчүн ачык мүмкүнчүлүктөр
Эмгек мамилелериндеги акыркы өзгөртүүлөр жана кызматкерлердин укуктарын коргоо
Прокуратуранын көзөмөлү: бизнес укуктарын коргоо жана талаштарды жөнгө салуу
Ишкерлерди жана инвесторлорду колдоого багытталган мамлекеттик программалар
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу аракеттери
Туризм тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана аймактык туризмди өнүктүрүү чаралары
Эксперттер менен жандуу талкуу жана актуалдуу суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү

Дареги: Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 14 — Мэриянын имараты, жыйындар залы
Убактысы: 09:00 – 14:10
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/w8mfNjeEYvM6YytY8

Ишкерлер үчүн маанилүү маалыматтарды биринчи болуп билиңиз!