Келечектеги элестетүү (Vision)
Ар бир үй-бүлөдө бирден жашыл экспортер
Миссия
Кыргыз Республикасынын жигердүү өнүгүсүү үчүн ишкерлердин инновациялык социалдык жоопкерчиликтүү жана ачык коомчулугун өнүктүрүү
JIA Бизнес Ассоциацияcы
JIA бизнес-ассоциациясы – Негизги миссиясы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү үчүн ишкерлердин инновациялык, социалдык жоопкерчиликтүү жана ачык коомун өөрчүтүүнү көздөгөн коммерциялык эмес уюм. Биздин ассоциация ишмердүүлүгүндө өзүн өлкөнүн бизнес коомчулугунун ишенимдүү өнөктөшү катары көрсөттү. JIA 15 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет.
Ассоциация Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен сырткары дагы 1400дөн ашык компанияларды, чакан, орто жана ири бизнести бириктирет. JIA 2006-жылы республиканын бизнесмендеринин демилгеси менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул тармактык комитеттер, клубдар, ишкердикти колдоо борборлору жана мыкты адистери бар көп секторлуу уюм.
Комитеттер жана клубдар
Тармактык комитеттер - бул тармактык адистик-аналитикалык аянтчалардын тутуму. Комитеттердин негизги милдети – белгилүү бир сектордун ишкерлеринин өз ара аракеттенүүсү, ой-пикирлерин, тажрыйбаларын жана маалыматтарын алмашуу үчүн ар кандай форматтагы үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү. Бул жерде бизнестин айрым секторун өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланат жана чечилет. Мындан сырткары, жолугушуулар бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү жана коргоо максатында мамлекеттик институттардын өкүлдөрү менен да өткөрүлөт.JIA клубдары – бул ассоциациянын мүчөлөрүн бирдиктүү кызыкчылыктары бар топторго бириктирүү. Бул ассоциациянын мүчөлөрүнүн ички өз ара мамилелери үчүн үзгүлтүксүз формалдуу жана формалдуу эмес жолугушууларынын аянтчалары.

Комитеттер
Клубдар
JIA мүчөлөрүнүн коммерциялык сунуштары
2027-жылга чейин Өнүгүү стратегиясы
JIA базасында 15 000 ишкер (анын 1500 чет өлкөлүктөр)
Жаратман-мүчөлөр, алардын 1000 айым ишкерлер
BIF - Борбор АзиялыкДавос
Бизнес климатты жакшыртуу институту
JIA платформасы
JIA платформасы Бишкекте ONE-STOP-SHOP (бирдиктүү кеңсе) форматында иштеп жатат
2 экспоборбор
Конференц-зал
Co-working JIA
Green office
Ишкердикти колдоо борбору
Call-center
Ишкер академиясы
Ишкерлерди өнүктүрүү боюнча шаарлардын жана облустук борборлордун сыртында өткөрүлүүчү иш-чараларда 10 000 катышуучу
500 мүчө консультациялык коштоодон өттү
JIA ментордук программасында 500 катышуучу
Чет өлкөгө уюштурулган бизнес-турларда 1 500 катышуучу