Image default

Курулуш тармагында көйгөйлөр тууралуу Премьер-министр менен болгон экинчи жыйынга JIAнын мүчөлөрү катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын «Бирдиктүү терезесинин» иши менен таанышты жана курулуш компанияларынын, Бишкек шаардык мэриясынын жана мамлекеттик түзүм өкүлдөрүнүн катышуусунда 19-февралда көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга катышкан JIАнын курулуш тармагында мүчөлөр да тиешелүү көйгөйлөрдү Премьер-министрге  маалымдашты.  

Улукбек Марипов: «Көчмө жыйын 19-февралда курулуш компания өкүлдөрү менен өткөн жолугушууда берилген тапшырмаларды аткаруу боюнча кандай иштер жүргүзүлгөндүгү менен жеринде таанышуу үчүн өткөрүлүүдө. Курулуш тармагындагы топтолгон маселелер жыйындысын чечүү боюнча олуттуу сын-пикрлер айтылган. Бүгүнкү күндө биздин негизги милдет – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин жана Өкмөттүн ортосундагы натыйжалуу өз-ара аракеттешүүнү түзүү. Жакын арада Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган Жарлыктар бизнести колдоого жана коргоого багытталган. Жакынкы мезгилде Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт, анда инвестицияларды жана ишкерлерди коргоо маселеси каралат».

Жыйынды соңунда биринчи жыйында берилген протоколдук тапшырманын пункттары өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгы үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору  Кокочаров Урматбек Курманбековичке сөгүш жарыялоо;
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичке эскертүү берүү;
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучуга Бишкектин вице-мэри Сагындык уулу Азаматка сөгүш жарыялоо, ошондой эле тартиптик чара көрүү, анын катарында  «Бишкексууканал» башкармалыгынын жетекчиси Мурадин Сейдалиевдин, мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын начальнигинин орун басары Медер Бейшеналиевдин, мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыровдун ээлеген кызматтык ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушталды.
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаевге да бир катар кызматтык жактарга карата тартиптик чара көрүүсү тапшырылды.

 

Акыркылар

“Бизнес Старт” долбоорунун алкагында 80 катышуучу окутуу программасынан өттү

JIA ишкерлеринин Өзбекстанга болгон иш сапары

JIA кыргызстандык 13 ишкерге 10 000 долларга чейин гранттык колдоо көрсөттү

БИЗНЕС ИДЕЯНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

JIA экспортко жол ачат

Кардар издеп жатасызбы? Анда бул макала Сизге жардам берет