Image default

Өкмөттүн кризиске каршы каралган 14 млрд. сом каражатынан канчасы ишкерлердин колуна тийет?

Бул тууралуу экономика, каржы жана инвестиция тармагындагы эксперт Умбриэль Темиралиев учурдагы абалга баа берүү менен, пикирлерин жана сунушун айтты.⬇️⬇️⬇️

КР Өкмөтү берген маалыматка ылайык, 14 млрд сомдук кризиске каршы чаралардын ичинде фискалдык, финансылык жана административдик колдоо каралган.

Бул каражаттын басымдуу бөлүгү кредит жана карыз (насыя) түрүндө берилиши керек. Өкмөт пландарыны ишке ашырса, ишкерлер кризистен чыгуу менен бирге 2021де өсүү үчүн өздөрүнө жакшы негиз даярдап алышат.

Бирок, чыныгы турмушту эске алганда, планды жузөгө ашыруу эффективдүү аткарылбай келгендиги үчүн, Өкмөт тараптан бөлүнгөн каражат ишкерлердин колуна ар дайым эле тийе бербейт. Бизнеске кредиттерди берүүгө арналган милларддаган сомдор ыйгарым укуктуу мамлеккеттик банктар аркылуу таратылат.

Эсеп палатасы жана күч органдары тараптан бюджеттик ар бир сом үчүн текшерилээрин билген коммерциялык банктар, бюджеттик каражатты алгандан соң коркунучка кептелет. Анткени, ар бир берилген кредит үчүн банк жетекчисинин жеке жоопкерчилиги курч маселеге айланат.

Ошондуктан, Өкмөттүн жеңилдетилген жана жеткиликтүү тартипте каржылоо талабына карабастан, коммерциялык банктар бардык пайда болушу мүмкүн көйгөйлөрдүн жолдорун жабууга аракеттенишет: кредиттин көлөмүнөн 200 – 300 % түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөөлөрдү жана көптөгөн формалдык документтерди талап кылышат.

Кризистин айынан кыйынчылыкка кептелген ишкерлер жаңы тоскоолдукка учурашат – Өкмөт тарабынан берилген каражатты коммерциялык банктардан алууда.

Мамлекеттик жардамга абдан муктаж болгон ишканалардын көпчүлүгүндө, кредиттен эки эсе өлчөмдөгү кыймылсыз мүлк күрөөсү болбойт. Мындан сырткары, булардын көбүнүн финансылык көрсөткүчтөрү начар болот.

Мындай учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик банктар бюджеттик каражатты таратуу үчүн төмөнкү кадамдарга барышат:
1. Төмөндөтүлгөн пайыздарды жана жеңилдетилген төлөмдөрдү сунуштап, сапаттуу кардарларды коммерциялык банктардан тартып алышат;
2. Же ар кандай шылтоолордун негизинде, башкалардан көбүрөөк муктаж болгондорго каражат берүүдөн баш тартышат. Башкача айтканда, бюджеттик каражатты таратууну ишке ашырышпайт.

Маалым болгондой, 2019-жылы КРнын Президенти өлкө аймактарындагы чакан жана орто ишканаларга насыя берүүнү жеңилдетүү максатында 2 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүп берген. Бирок, тилекке каршы Өкмөт жасалма бюрократиянын айынан бөлүнгөн каражаттын 75%дан көбүн ийгиликтүү тараткан жок. Жыйынтыгында, аймактагы ишканалар негизсиз себептерден улам 1,5 млрд сом каражаттан кур калды.

Бүгүнкү күндөгү көйгөйдү чечүү жана абалды жакшыртуу үчүн эки жолду басып өтүүбүз зарыл.

1. Кыска убакытка созулган иш аракеттерди аткаруу.
Биз, чакан жана орто ишканаларды кризиске каршы каржылоо үчүн ыйгарым укуктуу банктардын бардык жүйөөлүү деп эсептеген себептерин чогултуп, Өнөр жай жана ишканаларды өнүктүрүү комитети аркылуу маселени Президентке алып чыгышыбыз керек. Анткени, буга чейин да Президент ишкерлердин кайрылуусу аркылуу депозиттик эсепти жокко чыгарып, маселени чечкени белгилүү.

2. Узак мөөнөткө созулуучу иштер.
Биз шашылыш түрдө финансылык долбоорлорду, мезониндик кредиттерди жана башка инновациялык инструменттерди колдонуу менен жөнөкөйлөтүлгөн финансылык долбоорлорду киргизишибиз керек. Тилекке каршы, өлкөбүздө узак жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзгөнгө карабай көпчүлүк банктар ишин күрөөканалык (ломбард) негизде иш алып барууда

Акыркы жаңылыктар

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)

Эмне үчүн өкмөт курулуш тармагына көңүл бурушу керек?

“Пандемиядан эң көп жабыркаган дагы, эң тез жандана турган дагы тармак туризм болушу мүмкүн.”

Чет-өлкөлүк ишканалардын тажрыйбасы: бизнес кантип кризиске каршы туруштук берип атат?

Пандемия бизди онлайн жашоого үйрөттү. Ишкердикти IT менен айкалыштыруу кризистен чыгуунун дагы бир жолубу?