Image default

Кардар издеп жатасызбы? Анда бул макала Сизге жардам берет

Кардарлар кайдан келишет? Кантип алар сизге кардар болуп калышат?

Албетте, ал үчүн кандайдыр бир байланыш болушу керек. Ал жеке тааныштарыңыз дагы, социалдык тармактардагы кулактандыруу дагы болушу мүмкүн.  Биз алырды “Байланыш түйүнү” деп атадык.

Адатта, биз товарларыбызды же кызматтарыбызды сатууда, биз болочок (потенциалдуу) кардарлар менен жана учурдагы кардарлар менен ар кандай байланыш түйүндөрүн түзөбүз. Бул сиздин кызматкерлер, сиздин веб-сайтыңыз, кеңсеңиз же жөн гана мурунку кардарыңыз, кээде сиздин товарыңыз дагы болушу мүмкүн. Сиздин байланыш түйүнүңүз кардар сатып алууну же тескерисинче, байланышпоо чечимин кабыл алууга мүмкүндүк берет. . Байланыш түйүндөрү товар же кызмат сатып алганда дагы пайда болот. Мисалы:  кызмат көрсөтүү учурунда тейлөө бөлүмү же кепилдик кызматы боюнча иш, жөнөтүлгөн документтер, билим берүү мекемесинен алган китептер болушу мүмкүн.  Булардын бардыгы байланыш түйүндөрү болуп эсептелет.

Биз байланыш түйүндөрүнүн тутумун КАРДАРДЫН ЖОЛ КАРТАСЫ деп атадык.


Келиңиз, кардардын саякат картасы эмне экендигин мисалдар менен карап көрөлү:

  1. АЛГАЧКЫ ОЙЛОНУУ БАСКЫЧЫ

Үйүңүздү алмаштырууну чечтиңиз деп элестетип көрүңүз. Балким, сиздин үй-бүлөңүз чоңойду же сиз жашаган аймак сизге жакпай калды.  Же сиз жөн гана биринчи жолу жаңы үй сатып аласыз.

Бул тууралуу сиз эмнелерди ойлоносуз?

Кандай турак жай мүмкүнчүлүктөрү бар?

  •  Сиз батирде жашайсыз жана жер үйлөрдү караштырып жатасыз, же тескерисинче –  жер үйдө жашайсыз жана шаардын борборунан батир алууну ойлоп жатасыз.
  • Батирдин же үйдүн көлөмү.

Ойлонуп көрүңүз

Бул сиздин балдарыңызга ыңгайлуубу? Орун жетиштүү болобу? Алардын ар биринин өз бөлмөлөрү жана кийим алмаштыруучу жайы болобу?

Сиз эмнелерден коркуп жатасыз?

  • Шылуундарга туш болбосом экен
  • Базар баасынан жогору баага алып алсамчы?
  • Сапаты жетиштүүбү? Бул үй канчага чейин чыдап берет?

Сиз интернеттен, гугл аркылуу, башка издөө кызматтары, сайттар аркылуу  издей жатасызбы? Досторуңузга, сатып алган туугандарыңызга барып, алардын кандай тажрыйбага ээ болгонун сурай баштайсыз.

  1. БААЛОО БАСКЫЧЫ

Эмнени билгиңиз келип жатат?

  • Жайгашкан жериңизге канчалык туура келет?
  • Сизге кандай бюджетти бөлүү керек
  • Кайсы жолду тандасаңыз болот: батир же жер үй, балким башка да вариант болот.
  • Инфраструктура жөнүндө көбүрөөк билүү
  • Эгерде бул курулуш компаниясы болсо – анын репутациясын, конкреттүү үйлөрдөгү шарттары
  • Сатуучунун репутациясын, белгилүү бир үйгө же аймакка байланыштуу көйгөйлөр болушу мүмкүн.

Кыскача айтканда, сиз кандайдыр бир жол менен жаңылып калбоого жана кошумча ысырапкорчулуктан, ал тургай алдамчылыктан алыс болууга жардам берген бардык маалыматтарды топтойсуз

Сиз бир нече варианттарды тандап, аларды салыштырып, ушул параметрлердин кайсынысы сизге ылайыктуу экендигин чечесиз. Сиз кошумча да суроолорду сурап, келишимди карап, “сезип”, чечим кабыл аласыз.

Ошентип, айрым варианттар кетет, каралбай калат жана башкалар пайда болот. Баары Байланыш түйүндөрүн (курулуш компаниясынын кеңсеси, алардын өкүлдөрү, алардын коммерциялык сунуштары, ортомчулары, курулуп бүткөн үйлөрдүн ээлери ж.б.) тынымсыз текшерүү менен бирге болот.

  1. КЕЛИШИМ БАСКЫЧЫ

Андан кийин сиз вариантты тандап, келишим түздүңүз. Элестетип көрсөңүз, курулуп жаткан жаңы район Асанбайдын карама-каршысындагы жаңы үй.

Экинчи тарап менен кагылышуунун ар бир чекити сиз үчүн МААНИЛҮҮ, каалаган убакта оюңузду өзгөртө аласыз: Эгерде:

  • сиз күткөн арзандатууну жасаган жок
  • Ашканада плитканы алмаштыруу керек экен
  • Кошуналар жаккан жок
  • Кимдир бирөө компания жөнүндө жаман сөздөрдү айтты жана башка толгон-токой маселелер

Бул этапта, ошондой эле бир нече байланыш түйүндөрү бар: сизге бериле турган документтер, баарлашуу, талкуу, алар сизди дагы бир нерсе алууга чакырышабы, кийинкиңиз эмне болот? Бүдөмүк!

  1. ТАЖРЫЙБА БАСКЫЧЫ

Сиз келишим түздүңүз, андан кийин белгилүү бир компаниядан кызмат же товар алуу тууралуу тажрыйбага ээ болосуз

  • Булар компаниянын өкүлдөрү менен болгон байланышыңыз болот
  • Куруучулар жеринде
  • Ремонт канча убакыт алаары
  • Албетте, бул сиздин ушул үйдөгү, ушул батирдеги жашооңуз

Алган тажрыйбаңыз курулуш компаниясына болгон мамилеңизди аныктайт

Биринчи вариант: тажрыйбаңыз жакшы болгон жок:

  • Пайдаланууга берүү кечиктирилген
  • Сизге коркунучтуу, сапатсыз оюн аянтчасын коюлду
  • Подъездде үйгө жол олдоксон болуп чыкты. Ал тууралуу конокторуңузга узак убакыт бою түшүндүрүп берүүңүз керек. Болот.
  • Ал гана эмес терезелер да сапатсыз болуп чыкты. Ага башка терезелерди койдуруу үчүн өзүнчө түйшүк тарттыңыз.

Кыскасы, сиз бул курулуш компаниясынан экинчи батир албайм деген тыянакка келдиңиз окшойт. Бул компанияны досторуңузга, кесиптештериңизге да сунуш кылбайсыз.

Экинчи вариант: Тажрыйба ийгиликтүү болду:

  • Натыйжада үйдүн сырткы көрүнүшү абдан заманбап жана жагымдуу болуп, сиз элестеткенден да жакшы болуп чыкты
  • Чынында эле сиз жашаган үйдүн айланасы жашыл жана таза. Сыртта жүрүүдөн тажабайсыз.
  • Балдарыңыз оюн аянтчасын сапаттуу жана коопсуз.
  • Башкаруу компаниясы жалдаган консьерж сизге абдан жагат жана сиз досторду таптыңыз
  • Бардыгы келишимде көрсөтүлгөндөн эрте бүттү

Балким, сиз алардан турак жай сатып алып, мүлкүңүздү кеңейтип, башкаларга сунуштап, адатта, курулуш компаниясы менен дос болуп каласыз.

Кийинки жолу, сизге же сиздин үй-бүлөңүзгө жаңы үй керек экендигин түшүнгөндө, бардык этаптарды дагы бир жолу өтпөй эле, дароо келишим түзүү этабына өтөсүз

Сүрөттү караңыз, ЛОЯЛДУУЛУК ЦИКЛИ ушундайча түзүлөт.


Кардардын жол картасын  изилдөө жана кардар үчүн ыңгайлуу байланыш түйүндөрүнүн жетиштүү болушун камсыз кылуу жана ар бир байланыш түйүнүндө – кардар мүмкүн болушунча жөнөкөй картада “калкып” жүргөндө, анын муктаждыктарын канааттандырат. Бул компаниянын МАРКЕТИНГ МИЛДЕТТЕРИ болуп саналат

Макаланын автору: Design 2 Business компаниясынын эксперти (@designurbusiness) Гүлширин Султаналиева, эгер кардарыңыздын саякат картасы чынында иштей тургандыгын билгиңиз келсе, анда 0 776 699 601 телефону аркылуу кайрылыңыз

 

Акыркылар

БИЗНЕС ИДЕЯНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

Курулуш тармагында көйгөйлөр тууралуу Премьер-министр менен болгон экинчи жыйынга JIAнын мүчөлөрү катышты

JIA экспортко жол ачат

Жарыя! Бизнес үчүн грант конкурсу башталды

“Айым ишкерлерге Насаатчылык” программасы ментилерди тандоону жарыялайт!

Lady Club: ишкер айымдардын неформалдуу кечеси