4-февраль күнү Украинада жеңил-өнөр жай тармагы боюнча биринчи жолу Кыргыз-Украина бизнес-форуму болуп өттү. Форумдун алкагында Бизнес-ассоциация JIA жана Украинанын #жеңил_өнөр-жай тармагы боюнча иш алып барган “УКРЛЕГПРОМ” ассоциоциясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга JIA Текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров кол койду.
Иш-чара Кыргызстандын Украинадагы элчилиги, JIAнын Украинадагы өкүлчүлүгү жана Кыргызстандын Украинадагы Соода палатасынын өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Форумда Кыргызстандагы текстиль тармагы тууралуу маалымат берилип, Украинанын бул тармагы боюнча ишкерлер маалымат алмашты. Ишканаларга экскурсия уюшутурулуп, ишкерлер “Ukrainian Fashion Week” мода-көргөзмөсүнө катышты.
Өнөктөшүбүзгө ийгилик каалайбыз!