«Бизнес-ассоциация JIA» юридикалык жактардын бирикмеси 2006-жылы Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы демилгелүү ишкерлер тарабынан түптөлгөн. Бүгүнкү күндө JIA 1000ден ашуун чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн бириктирип, Кыргызстандын бизнес коомчулугунун активдүү иш алып баруусуна бардык шарттарды сунган аянтча болуп эсептелет. Ассоциация мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдор менен тыгыз кызматташат. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында жана экономикасы өнүккөн алдыңкы – АКШ, Япония, Кытай, Украина, Монголия жана Индия өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү бар.
“Ийгиликтүү ишкер – өнүккөн өлкө”
JIA тууралуу
Миссия
Кыргыз Республикасынын жигердүү өнүгүүсү үчүн ишкерлердин жаңычыл социалдык-жоопкерчиликтүү жана ачык коомчулугун өнүктүрүү
Стратегиялык максаттар
Комитеттер
JIA комитеттери – ишкер коомчулуктун маанилүү делген тармактары боюнча иштеген туруктуу эксперттик –аналитикалык система. Алардын негизги милдеттери – өлкөнүн бакубаттыгы үчүн жана бизнестин кызыкчылыктарын көздөп бийлик менен ишкерлердин ортосунда ар кыл форматтагы жолугушууларды уюштуруп, өткөрүп туруу.
Комитеттердин ишмердүүлүгүнө катышуу Ассоциациянын мүчөлөрүнө маалыматтарды алууга, кесиптик деңгээлде алака-катнаш түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Андан сырткары стратегиялык күн тартипти калыптандырууда жана ишкер коомчулуктун өнүгүүсүндөгү маанилүү делген суроолордогу позициясын аныктоодо жардамчы болот.