Ишкер өзүн өнүктүрүү үчүн дайыма изденүү үстүндө жүрөт. Ишкердик боюнча маалымат алууда колдонулган ресурстар жана маалымат булактар маанилүү роль ойнойт. Мына ушул себептен, атайын сиздер үчүн JIAнын ишкерлери арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, бизнес, экономика, технология, өнүгүү боюнча эң көп окулган сайттардын топтомун чогулттук.
Бул баракчалардын баары Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарында да бар, ар бир ишкерге окууга ыңгайлуу форматын тандап алууга мүмкүнчүлүк берет
Кыргызча булактар:
Кыргызстандагы финансылык жаңылыктар боюнча маалыматтык портал.
Салык кызматы /Налоговая служба
КРнын Салык кызматынын расмий сайты. Кыргызстандагы салык боюнча маалыматтар, токтомДор боюнча маалымат берилип турат.
Кыргызстандын экономикасын жана бизнесин чагылдырган эң ири онлайн-сайттардын бири. Валюталардын курстары, экономикалык жаңылыктар чагылдырылат
Кыргызстан жана Борбордук Азиядагы жаңылыктар, окуялар, бизнес тууралуу маалыматтар чыгып турат.
Экономикалык маалыматтарды жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрүп, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жаңылыктарды чагылдырган сайт.
“Ачык бюджет” порталы КР Каржы Министрлиги
КРнын Каржы Министрлигинин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше жана чыгашалары тууралуу маалыматтар жайгаштырылган ачык портал
Чет элдик булактар:
Дүйнөлүк бизнес чөйрөсүндөгү эң популярдуу жана таасирдүү финансылык-экономикалык баракча. Журнал Берти Чарльз Форбс тарабынан 1917-жылы негизделген. Журналдын негизги темалары:
- инвестиция боюнча алдыңкы идеялар;
- эң пайдалуу бизнес-долбоорлор тууралуу изилдөөлөр;
- белгилүү ишкерлердин жеңилүүлөрү жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат;
- ири бизнес-долбоорлордун ийгиликсиздигинин себептерин талдоо;
- бизнестеги мыкты стратегияларды изилдөө;
- бай адамдардын рейтинги ж.б.
Америкалык журнал жана ишкердик тармагындагы жаңылыктар, тренддер жарыялаган веб-сайт. Журнал биринчи жолу 1977-жылы чыккан.
Бул ишкерлер үчүн журнал. Анда, чакан жана орто бизнес, алдыңкы технологиялар жана ири ишканалардын ийгиликтери тууралуу жаңылыктар берилет. АКШда 1979-жылдан бери, ал эми Орусияда 2016-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Сайтынан электрондук каттарына жазылып, маалымат алса да болот.
Менеджмент жана финансы боюнча кеңеш берген мыкты бизнес-журнал. Биринчи Гарвард бизнес мектебинин жардамы менен 1922-жылы жарык көргөн, КМШда 2004-жылы гана пайда болгон. Forbesтен айрымаланып, ббизнести башкаруу көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурат жана аларды чечүү боюнча конкреттүү жана илимий жактан негизделген кеңештерди берет. Орус тилиндеги басылмада да материалдын көпчүлүк бөлүгү эл аралык бизнеске жана акыркы трендттерге арналган, ал эми орус бизнеси тууралуу 1/5 гана айтылат.
Кытай Эл Республикасынын расмий маалымат агенттиги жана эң ири маалымат, пресс-конференция борбору. “Синьхуа” агенттигинде Кытайда болуп жаткан маалыматтар англис тилинде да чыгат.
Бул сайт маалымат топтоонун жана иштеп чыгуунун өзгөчө стили менен айырмаланып, дүйнөдөгү алдыңкы жаңылыктар порталдарынын бири. Бизнес Инсайдердеги аналитикалык агенттиктерден (мисалы Gartner) айырмаланып, аналитикалык жаңылыктар, адатта, корпоративдик каржылык отчеттор менен салыштырууну күтпөстөн, жеткиликтүү болгон учурдан тартып бир нече сааттын ичинде комментарийлер менен жарыяланып турат, бирок маалымат ар дайым ыйгарым укуктуу булактарга негизделген.
Бул сайтта айым ишкердикти өнүктүрүү жана ийгиликтери тууралуу айтылат.
Глобалдык инновация индекси – бул өлкөлөрдүн инновациялардагы жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн жылдык рейтинги
Англис тилиндеги жумалык жаңылыктар журналы (басылманын өзүн гезит деп аташат). Британиялык The Economist Group медиа компаниясына таандык. 1843-жылдан бери Улуу Британияда жарыяланган. Журналда чагылдырылган негизги темалар – саясий окуялар, эл аралык мамилелер, финансы, экономикалык жана ишкердик жаңылыктар, ошондой эле илим жана маданият. Журналдын редакторлору классикалык либерализмдин позицияСын карманышат.
Финансылык маалыматты жеткизүүдө эки алдыңкы сайттардын бири. Бул сайт бир нече бөлүмдөрдөн турат. Булардын негизги продукциясы болуп эсептелеген Bloomberg Терминалы аркылуу дүйнөлүк биржаларда жана биржадан тышкары көптөгөн базарларда учурдагы жана тарыхый бааларды ала аласыз, электрондук облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды сатуу системасын көрө аласыз.
Технологиялар тууралуу мыкты сайттардын бири болуп эсептелет
Электр жана электроника инженерлери институту тарабынан негизделип, бул тармак боюнча маалымат чыгып турган сайт.
Швейцариялык коммерциялык эмес уюм. Давосто жыл сайын жолугушууларды уюштуруп келгендиги менен белгилүү. Жолугушууга алдыңкы бизнес лидерлер, саясий лидерлер, белгилүү ойчулдар жана журналисттер катышып турат. Анда, эң курч дүйнөлүк көйгөйлөр талкууланант. Бул уюмдун баракчаларында глобалдуу маселелер, экономикага тийгизген көйгөйлөр тууралуу маалымат чыгып турат.
Дүйнөнүн 24 шаарында англис тилинде жарык көргөн эл аралык бизнес гезити, жалпы тиражы 356 миң нуска менен чыгат. Бул баракча фнинансы жана бизнес дүйнөсүндөгү жаңылыктар менен бөлүшүүгө багытталган.
CNN башкарган финансылык жаңылыктар жана маалымат сайты
Жылдык конференциялары менен белгилүү. Конференциянын максаты – уникалдуу идеяларды жайылтуу, тандалган лекциялар конференциянын веб-сайтында жайгаштырылган. Лекциянын темалары ар түрдүү: илим, искусство, дизайн, саясат, маданият, бизнес, глобалдык маселелер, технология жана көңүл ачуу.
Бул стартаптар, интернет-бизнес, инновациялар жана веб-сайттар жөнүндө онлайн аянтча. TechCrunch 2005-жылы Майкл Аррингтон тарабынан негизделген.
Англис тилиндеги күндөлүк ишкердик гезити. Нью-Йоркто 1889-жылдан бери News Corp холдингинин курамында болуп келген Dow Jones & Company тарабынан басылып чыккан. «Уолл-стрит джорнэл” америкалык ири жана таасирдүү басылмалардын бири. Гезиттин аталышы Уолл-стрит, Нью-Йорк көчөсү жана АКШнын каржы борборуна түздөн-түз байланыштуу. Басылманын өзү биринчи кезекте америкалык жана эл аралык бизнес, финансылык жаңылыктарына арналган.
Бул Форбстун баракчасындагы технологиялар, инновациялар тууралуу жаңылыктар бөлүмү.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө финансылык жана техникалык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн эл аралык финансылык уюму. Було баракчада экономика тууралуу маалыматтар чыгып турат.
Дүйнө жүзүндөгү окуялардын видео хроникасын жана он үч тилдеги аудио комментарийлерди айкалыштырган Европанын күнүмдүк сутка бою чыгып турган маалыматтык телеканалы. Ал 1993-жылы 1-январда түзүлгөн.
Бул ишкерлдер, жаңы башталгыч ишкерлер үчүн инвестициялык топтоочу сайт, бул жерде ишкерлер аккредиттелген инвесторлордон капиталды тарта алышат. 2014-жылдын июлуна карата, Onevest`тен стартаптарды ишке киргизүү 66 миллион доллардан ашык каражат топтогон.
Ишкерлер үчүн көбүрөөк кеңеш берип, маалымат чыгарып турган сайт. Бирок бул сайт айрыкча жаш аудиторияга багытталган. Эгерде сиз колледжден жаңы чыксаңыз , бул сиздин ишкердик рухуңузду текшерип көрүүгө эң сонун жер.
Кытайда болуп жаткан окуя, экономика тууралуу чагылдырылган ар тармактуу маалыматтык сайт.
Роботтор, технологиялар боюнча баракча
Бул сайттан жаңыидея жана уникалдуу перспективаларды тапса болот. 2012-жылы твиттердин негиздөөчүлөрү Эван Уильямс жана Биз Стоун баштаган.
Орусча булактар:
- Forbes Россия
- Harward Business Review Россия
- Doing Business
- Ведомости
- IncRussia
- vc.ru
- Деловая среда
- Секрет фирмы
- РБК
- РБК Quote
- Хабр
- Коммерсантъ
- Эксперт
- cnews
- Открытые медиа. OpenEconomy (Фейсбук)