Image default

JIA менен Индиянын электроника өндүрүүчү ассоциациясы кызматташа турган болду

Бизнес-ассоциация JIA жана Индия электро-техника жана электроника өндүрүүчүлөр Ассоциациясынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Электр энергия тармагында ишкердик жүргүзгөн JIA мүчөлөрүнүн Индия өлкөсүнө иш сапары жемиштүү болуп жатат. ElecRAMA-2020 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында,  JIA менен Индия электро-техника жана электроника өндүрүүчүлөр Ассоциациясынын ортосунда (Indian Electrical & Electronics Manufacturers’ Association – IEEMA) кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

 

IEEMA – электроника, өндүрүштүк электр техникаларын жана жабдыктарын өндүрүү тармагындагы алдыңкы ассоциация жана эл аралык ElecRAMA көргөзмөсүнүн уюштуруучусу. Ассоциациянын 650 мүчөсү бар жана электр энергиясын иштеп чыгаруу, жеткирүү, бөлүштүрүү жабдыктарын толук камсыз кылат. IEEMA мүчөлөрүнүн жылдык обороту 42 млрд. АКШ долларын түзөт жана Индиядагы 95% энергия жабдыктарын орнотууга салым кошкон.

JIA курулуш комитетинин төрагасы Советбек Назаралиевдин айтуусунда:

Индия – Кыргызстан жана жалпы эле ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн потенциалы чоң рынок. Кыргызстанда өндүрүлгөн эко продукттарды экспорттоодо жана Индия менен энергетика, технология жаатында кызматташууга болот. Бул үчүн эл аралык стандарттарга жооп бергидей продукция өндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз сөзүндө IEEMA президенти R.K. Chugh, Кыргызстандын ишкерлеринин Индияга иш сапар менен келгендигин жогору баалап, бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуусуна зор салым кошорун билдирди.

 

 

Акыркы жаңылыктар

JIA ишкер айымдары үчүн майрамга карата поэзия кечесин уюштурду

Таластын ишкерлери “Эмилия” сүт заводуна саякат кылышты

JIA Бизнес-ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен балдар адабиятына конкурс жарыяланат

Италиядагы бизнес-ассоциацияларды башкаруу семинары болуп өттү

Ош JIAда #Business_Talks долбоору старт алды

JIAда комитет төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү

Комментарий калтырыныз