Image default

JIA кыргызстандык 13 ишкерге 10 000 долларга чейин гранттык колдоо көрсөттү

Кыргызстанда 13 ишкер 10 000 долларга чейин гранттык колдоо алды. Анын 12си айым ишкерлер. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы жанаJIA Бизнес-ассоциациясы менен биргеликте бизнес үчүн жарыялаган конкурстун негизинде ишке ашууда.

Демилге Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишканаларды колдоого жана COVID-19 жайылышына байланыштуу кризистин шартында бизнести калыбына келтирүүгө, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган.
Талапкерлерге коюлган талаптар ишкердик чөйрөсүндө эң аз 3 жылдык тажрыйбасы болуусу, 2019-жылы каржылык жоготуусуз ишмердүүлүк жүргүзүүсү; өнүгүүнүн так планы (бизнес-план жана каржылык модель) болуусу каралган. Ошондой эле айым ишкерлерге артыкчылык берилген.

Грант алган ишкерлер ар кандай багытта иш алып барышат: тейлөө, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.

Пандемия учурунда кыскартылган иш орундарын калыбына келтирүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү долбоордун эң маанилүү көрсөткүчтөрү болуп саналат. Ишкерлер алынган гранттарды жаңы жабдууларды сатып алууга жумшашат, ошону менен көрсөтүлүп жаткан өнүмдөрдүн же кызматтардын түрлөрүн көбөйтүшөт. Грант алуучулар үчүн кошумча шарт бул – бизнесте инновациялык жана жашыл чечимдерди колдонуу, ошондой эле сатуунун көбөйүшү.

Белгилей кетүүчү нерсе, грант алуучулар өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында ишкердиктигин жүргүзүп келишет.

Грант БУУнун Өнүктүрүү Долбоорунун (UNDP) тарабынан пандемиянын кесепеттерин азайтуу максатында адам укуктарына негизделген натыйжалуу, көп тармактуу, адилеттүү, инклюзивдик кризистик реакцияны жана COVID-19дан кийин калыбына келтирүүнү колдоо үчүн Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле айым ишкерлерге артыкчылы берилген.

Акыркылар

“Бизнес Старт” долбоорунун алкагында 80 катышуучу окутуу программасынан өттү

JIA ишкерлеринин Өзбекстанга болгон иш сапары

БИЗНЕС ИДЕЯНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

Курулуш тармагында көйгөйлөр тууралуу Премьер-министр менен болгон экинчи жыйынга JIAнын мүчөлөрү катышты

JIA экспортко жол ачат

Кардар издеп жатасызбы? Анда бул макала Сизге жардам берет