JIAнын 40 ишкери Өзбекстанга UzTextile Expo Spring ‘2021 көргөзмөсүнө барып келди жана иш сапардын алкагында бир нече келишим түзө алышты
Көргөзмөдөн тышкары JIA мүчөлөрү үчүн атайын “SAFF Textile”, “ZELAL Textile”, ООО “JAMSTYLE MASTER” атту Өзбекстандын алдыңкы өндүрүш, текстиль тармагындагы ишканаларга экскурсия өткөрүлдү. Ал жерде ишкерлер тажрыйба алмашып, ишканалардын өндүрүш цехин ичинен көрүп, коңшу өлкөнүн рыногу менен да тааныша алышты.
27-29-май күндөрү Ташкент шаарында UzTextile Expo Spring ‘2021 текстиль жана мода өнөр жайынын эл аралык көргөзмөсү болуп өттү, анда ишкерлер бетме-бет жолугушуп, Борбор Азиядан өнөктөштөрдү табып алар менен мындан аркы кызматташууну келишмелерин түзө алышты.
Иш-чарага Россия, Беларусь, Түркия, Кытай жб өлкөлөрдөн көптөгөн ишканалар катышты.