Image default

JIA ишкерлери АКШ соода Министрилигинин Эл аралык соода башкармалыгы менен жолугушту.

JIA ишкерлери АКШ соода Министрилигинин Эл аралык соода башкармалыгы менен жолугушту.

➡️ 6-июнь Вашингтон шаарында Кыргыз-Америка ишкерлер кеңеши менен биргеликте, JIA делегациясы АКШ соода Министрилигинин Эл аралык соода башкармалыгы менен жолугушту. Бул жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жолдору, бүгүнкү күндө ишкердикти өнүктүрүүдө жасала турчу иштер, программалар жана бул тармактагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүлдү.

➡️ Андан кийин, Чет өлкөлүк жеке инвестициялык корпорациясы ( OPIC) менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана бул программанын Кыргызстанда ишкерлерге болгон мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүлдү.

➡️ Ишкерлерибиз Америка экспорт жана импорт банкынынишмердүүлугү менен жана Америкадан экспортоонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу таанышты.

➡️ U.S. Small Business Administration (SBA) ишканасы менен жолугушуп, анда Американын чакан жана орто бизнесин колдоо программалары менен таанышты.

➡️ Күндүн соңунда, АКШдагы Кыргызстан элчилиги ишкерлерибиз менен жолугуп, анда ишмердүүлүгү жөнүндө сүйлөшүлдү. Элчилик кыргыз ишкерлерин колдоодо даяр экендигин билдирип, терең кызматташууга чакырды

Бул жолугушулар маалымат алууда, тажрыйба алмашууда пайдалуу аянчалардан болду.

Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешине уюштурууда көмөк көргөзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык беребиз

 

 

Акыркы жаңылыктар

JIA ишкер айымдары үчүн майрамга карата поэзия кечесин уюштурду

Таластын ишкерлери “Эмилия” сүт заводуна саякат кылышты

JIA Бизнес-ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен балдар адабиятына конкурс жарыяланат

Италиядагы бизнес-ассоциацияларды башкаруу семинары болуп өттү

Ош JIAда #Business_Talks долбоору старт алды

JIAда комитет төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү

Комментарий калтырыныз