Жалал-Абад JIA EXPO
- Ишкерлердин өз ара жакындан таанышуусу,
- визитка алмашуулар, -компаниялардын көргөзмөсү,
- ооз эки түзүлгөн келишимдер,
- Ишкерлерге дем күч берген губернатордун сөзү,
- ишкерлердин Жаннат мейманканасына болгон саякаты
- сыйлыктар,
- ишкерлердин чай үстүндө баарлашуусу
- сертификат белектер,
- кыргыздын көңүл эргиткен күүлөрү,
- бийлери,
- Ишкерлерди ырдаткан оюн зоок,
- даамдуу фуршет мунун баары Ишкерлер күнүнө арналган “JIA EXPO 2020” Майрамдык кечебизде болду.
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов өз сөзүндө ишкерлерди “Мамлекеттин түркүгү силерсиңер” деп атаса, Регионалдык кеңештин төрагасы Анарбек Малабаев “JIA ишкерлери-силер брендсиңер” деп кубантты.
Майрамдык кечеге жалпысынан ассоциациянын 70 мүчөсү катышып анын ичинен 20 ишкер өзүнүн компаниясын көргөзмөгө алып чыкты.
Ош, Кочкор-ата, Кара-көл шаарларында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлерибиз дагы катышып кетишти.
Ош JIA EXPO
Ишкерлер чогулган жерде талкуу пайда болот. Талкуулар идея алмашууга, кызматташууга, өнөктөш табууга жана экономиканы көтөрүүгө жол ачат.
23-сентябрь узакка созулган аралыктан кийин биз көптөн күткөн JIA ишкерлеринин бир аянтчага чогулган #JIA_EXPO_2020 иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чара компаниялардын продукциясын жана кызматын тааныткан көргөзмөлөр, кызыктуу оюндар, акыл таймаш жана концерттик программалар менен коштолду.
Талас EXPO
Узакка созулган аралыктан кийин JIA ишкерлери бир аянтчада чогулду.
20-сентябрь КРнын “Ишкерлер күнүнө” карата Талас JIA мүчөлөрүнүн Networking жолугушуусу болуп өттү. Аталган жолугушуу JIA мүчөлөрүнүн жакындан таанышуусу, өз ара кызматташуусу жана компанияларды таанытуу үчүн аянтча түзө алды.