Кыргызстандык экспортерлорду колдоо максатында, JIA Бизнес-ассоциациясы өнөктөштөрү менен биргеликте Ready4Trade долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 40 чакан жана орто ишкана тандалат.
Бул тандалган компанияларга төмөнкү темалар боюнча экспорттун алдыңкы коучтарынан 5 күндүк колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет:
-Таңгактоо жана маркалоо;
-Сертификат боюнча;
-Бажы документациясы;
– Жүк ташуу;
-Экспортту пландаштыруу
Сиздин тармагыңызга жана жаңы базардын талабына жараша, экспорттук коучтар 5 күндүн ичинде келип, ишканаңыздын экспорту боюнча жеке сунуштарын берет.
Жаңы базарларга чыгуу же экспорттук географияны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
R4TCA – Европа Бирлиги тарабынан каржыланган жана Эл аралык соода борбору тарабынан Борбор Азиянын беш өлкөсүндө – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда эл аралык сооданы жайылтуу максатында ишке ашырылып жаткан 4 жылдык долбоор.
Катталуу үчүн, бул сурамжылоонуу толтурууу керек: https://forms.gle/curGKiaDquwytAtr7
Суроолор боюнча: +996 551 996 106 (Алтынай)