Коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге терең ыраазычылык билдиребиз!
JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери жана “Элим, Барсыңбы” кайрымдуулук фонду коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирүү менен жана колдоо максатында 1000 комплект атайын вирустан коргоочу формаларды тапшырышты.
“Ата -Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир ишкер чагылганга”
Аталган формалар Кытайда өндүрүлүп, жогорку сапаттуу, эл аралык стандарттарга жооп берет жана сертификатка ээ. Топтомго: медициналык бет кап, атайын көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет. Бул формаларга жергиликтүү ишкерлери тарабынан жалпысынан 2 млн. сомго жакын каражат чогултулду. Формалар Кыргызстандын аймактарына тартылып берилди