Image default

JIA Бизнес-ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен балдар адабиятына конкурс жарыяланат

ЖАҢЫ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ!

Урматтуу акын-жазуучулар, калемгерлер!

Биз балдар үчүн чыгарма жаратууну таптакыр унутта калтырдык. JIA Бизнес-ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен балдар адабиятын өнүктүрүүгө максаттуу аракет кылалы дейбиз!

JIA Бизнес-ассоциациясы бир гана экономикаабызга басым койбостон, келечекте ою жатык, тили жетик муундуу тарбияласак деп мындан ары карай “РухЭш” сайты менен өнөктөштүк деңгээлинде кызматташа турган болууда!

Андыктан калемиңиздерди колго алыңызда, балдардын тилинде чыгарма жазууну баштаңыз.

Конкурстун шарттары:

Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат. Конкурска катышууга авторлордун жаш курагы чектелбейт жана балдарга арнап чыгарма жазууну каалаган баардык калемгерлер катыша алат. Эң башкысы: чыгармалар балдарга ынанымдуу, балдар ийкемдүү кабыл алаар тилде жазылууга тийиш!

Балдар үчүн жазылган жомок, аңгеме, ыр жана тамсил түрүндөгү чыгармалар ruhospurum@gmail.com дареги аркылуу конкурс жарыяланган күндөн тарта кабыл алынат. О.э. авторлор менен калыстар курамындагылардын аты-жөндөрү аталган конкурс жыйынтыкталган күнгө чейин эч жерде ачык жарыяланбайт!

Байге фонду – 100 010 миң сом

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун –30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 (жыйырма миң) сом

Эки орунга кызыктыруучу байге – 5000 (беш миң) сомдон.

Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 25-августуна чейин улантылат. Жеңүүчүлөрдүн байгесин тапшыруу аземи 2020-жылдын жаңы окуу жылына карата 1-сентябрь күнү тапшырылат.

http://ruhesh.kg/2020/02/14/baldar-adabiyaty-boyuncha-zha-y-konkurs/?fbclid=IwAR2_LMHfTzn2uksRpmIucF-chdU2i0IcDFgjZjYVgLTMSqQhNumqAqJplWE

 

 

Акыркы жаңылыктар

БИЗНЕСКЕ АКЧА КЕРЕК

Ийгиликтүү ишкерлердин ийгиликсиз тажрыйбаларынан: Өнөктөштүктө эмнелерге маани берүү керек?

JIA дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирет! 🙏

JIA ишкер айымдары үчүн майрамга карата поэзия кечесин уюштурду

Таластын ишкерлери “Эмилия” сүт заводуна саякат кылышты

Ош JIAда #Business_Talks долбоору старт алды