Image default

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

Мамлекеттин экономикасын көтөрүү жана аны алдыга жылдыруу үчүн иш-каналарды, бизнес өкүлдөрүн ар кандай окуудан өткөрүп туруу күндүн талабы. Андыктан экономикалык өсүшкө салымын кошкон ассоциациалар учурда абадай керек.  Алардын сап башында турган JIA Бизнес-ассоциациясы.  JIA  Кыргызстандын атынан Эл аралык иш берүүчүлөрдүн уюмунун (МОР – https://www.ioe-emp.org/ ) мүчөлүгүндө турган жалгыз ассоциация. Ассоциация 15 жылдан ашуун убакыттан бери активдүү иш алып барат. 

Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында өкүлчүлүктөргө ээ.  Ассоциация мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдор менен тыгыз кызматташат. Бүгүнкү күндө JIA 1000ден ашуун чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн бириктирип, Кыргызстандын бизнес коомчулугунун активдүү иш алып баруусуна бардык шарттарды сунган аянтча болуп эсептелет. Бул жолу дагы JIA Бизнес-ассоциациясы чоң долбоордун ишке ашышына зор салымын кошту.

Ready4Trade Борбор Азия долбоору Европа Биримдиги менен Эл аралык соода борборунун биргелешкен демилгеси. Ал аймактык жана эл аралык сооданы стимулдаштыруу аркылуу Борбор Азиянын жалпы туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган.  Европа Биримдиги тарабынан каржыланган бул долбоор 2021-жылы  ишке ашты. Демилге 2020-жылы ноябрь айында башталып Өзбекстан, Түркменистан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан өлкөлөрү катышты. 

Долбоордун Кыргызстандагы улуттук өнөктөшү JIA Бизнес Ассоциациясы.  Бул демилгенин максаты экспорттук сабаттуулукту жогорулатуу, чакан жана орто ишканаларга Европанын жана Евробиримдиктин рыногуна кирүүгө жардам берүү,  бизнес ээлерине экспорттук операцияларды башкаруудагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү болуп саналат. Ал өзүнө  айыл-чарбасы, тамак-аш өнөр жайы, текстиль жана кийим, механикалык жабдуулар, өндүрүш, курулуш материалдары, кол өнөрчүлүк тармактарын камтыйт.

 

JIA Бизнес Ассоциациясынын  аткаруучу директору Пакыров Фархад:  “JIAнын ишкерлер менен мамилесинин негизги багыттарынын бири экспортту колдоо  болуп эсептелет. Анын негизинде 2021-жылы Эл аралык уюмдар менен биргеликте экспорт багытында долбоор болгон.  Иш чаранын  критерийлерине ылайык долбоорго  ачык-айкын иш алып барган, бажы декларациясына ээ, эң аз  дегенде үч-төрт жылдык тарыхы бар компаниялар керек эле. Албетте талапка жооп берген ишканаларды  табуу оңой болгон жок.  Долбоордун жүрүшүндө экспорт багытында иш алып барган коуч, кеңешчилерди дайындадык. Коуч  адамдын же адамдардын тобуна кандайдыр бир турмуштук же профессионалдык максатка жетүүгө жардам берген окутуу ыкмасы. Коуч сөзү англис тилдүү өлкөлөрдө тренер ал эми кыргыз тилинде машыктыруучу, үйрөтүүчү, даярдоочу, жардам берүүчү” деген маанини билдирет. Коучтар катышуучуларга ыңгайлуу боло турган жаңы куралдарды, ыкмаларды сунуш кылат жана убакытты пландаштыруунун, туура башкаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурат. Бул долбоордо коучтар  катышкан компанияларга документ жагынан, экспортко чыга турган товарды туура таңгактоо, маркировкалоо, лицензиялоо багытында жардам беришти”- деди.

Долбоордун жүрүшүндө экспортту башкаруу боюнча окутуу демилгеси  болуп өттү. Анын алкагында JIA  экспортко чыгуу, таңгактоо, маркировкалоо, сертификациялоо боюнча  маалыматтарды камтыган коучтарды даярдалды .  Иштин жүрүшүндө атайын  консультанттар окуудан өткөрүлүп, 4 коуч тандалды. Окутулган коучтар юридикалык жактан каттодон өткөн, 3-4 жылдан бери экспортко чыгып жүргөн  иш-каналар менен чогуу иш алып барды.  Бул чакырыкка 200 гө чукул компаниядан кат келип, анын 44 ү тандалып алынды. Коучтар жогоруда тандалып алынган 44 компанияга толугу менен анализ жүргүзүп,  кетирген каталарды аныкташып,  өздөрүнүн билимдери, байкоолору жана сунуштары менен бөлүштү.  Беш күндүн ичинде ар бир критерийдин негизинде маалымат берилди. Мисалы, товарды маркировкалоодогу катачылыктар жана аны оңдоо.  Товардын таңгагын өзгөртүү менен, анын сапатын жакшыртуу, экспортту пландаштыруу жана  ишке ашыруу, сертификациялоо,  бажы стандарттары, эл аралык жеткирүү тууралуу маалыматтар берилди.

Бул тууралуу “ОсОО Assortis KG” компаниясынын негиздөөчүсү коуч эксперт Салтанат Абдыкеримова:  “ Биз мүмкүн болушунча интерактивдүү иштешкенге аракет кылдык. Ишкерлер беш күндүк коуч сессияларда көптөгөн маалыматтарга ээ болушту. Айрым компаниялар жада калса маркировканын стандарты бар экенин билбейт экен. Алар бизден экспортту туура пландоону, маркировкалоо жана таңгактоо талаптарга түздөн-түз жооп бериш керектигин үйрөнүштү. Бул убакка чейин компаниялар ар түрдүү каталарды кетиришкен. Ар бир ишкана жок дегенде эки, үч ката кетирген. Анын баарын айтып өтүү мүмкүн эмес. Алардын көбүнчө жөнөкөй эле этикетканы чаптоодо катасы болгон. Ошондой эле экспортту туура эмес пландап алгандардын саны көп” – деген пикирин билдирди.

Жыйынтыгында экспортту башкаруу боюнча 13 коуч  окуудан өткөрүлдү жана ошондой эле чакан жана орто бизнестеги экспорттоочулардын маалымат базасы түзүлдү.  

Долбоор туурасында  “Honey Mount”  компаниясынын негиздөөчүсү  Чыңгыз Уметалиев көп маалыматтарга ээ болгонун айтат.  Ал: “Чындыгында бул долбоордун  алкагында аябай көп билимдерге ээ болдук, анын баарын санап айтып берүү мүмкүн эмес. Өндүргөн товарларыбызды чет өлкөгө туура презентациялоону, рынокту анализдөөнү үйрөндүк. Жергиликтүү ишкерлердин басымдуу бөлүгү рынокту изилдебей туруп, продукциясын  экспорттоого шашат.  Ар бир өлкөнүн, ар бир рыноктун өздөрүнө жараша өзгөчөлүктөрү бар. Экспортко шашуудан мурун  алгач рынокту изилдөө керек. Ошондой эле товардын баасы рынокто атаандаштыкка туруштук береби жокпу аларды карап чыгыш керек. Чет өлкөгө чыгардан мурун, ал өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө назар салып, продукциянын дизайнын, маркировкасын алдын ала даярдоо зарыл. Булардын баарын сессиялардагы өтүлгөн сабактардан үйрөндүк”- деп кошумчалады.

Долбоорго катышкандар  берилген материалдарды, билимдерди жана техникалык жардамдарды пайдаланышты. Бул демилге аймактык жана Борбор Азия ишкерлери үчүн табылгыс билим болду. Анткени COVID-19 пандемиясы  экономикага айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнө болуп көрбөгөндөй терс  таасирин тийгизген эле.  Чакан жана орто  бизнес өкүлдөрү өзгөчө жабыр тартты. Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен долбоор Эл аралык деңгээлде ишке ашырылган салмактуу демилге катары кабыл алынды. 

Долбоор тууралуу экспортту башкаруу боюнча башкы коуч Сергей Кокоть төмөнкүдөй оюн билдирди:  “Борбордук Азиядагы Ready4Trade долбоору Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө аймактык жана эл аралык сооданы өнүктүрүүнү колдоого багытталган. Кыргызстанда долбоорду ишке ашыруу тобу экспортту башкаруу боюнча төрт аял тренерден, Экспортту башкаруу боюнча коучинг демилгесинин (EMCI) башкы тренеринен жана JIA Бизнес Ассоциациясынын үч долбоорунун координаторлорунан түзүлгөн.

 

ЖИА Кыргызстанда бул демилгени ишке ашыруучу өнөктөшү катары өлкөнүн беш облусунда Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси үчүн жалпысынан 44 коучинг миссиясын өткөрүү менен долбоордун бардык максаттарына жетип, ал тургай андан да ашып кете алды. Максаттуу тармактар болуп ​​айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана текстиль өнөр жайы саналат. Бардык коучинг миссиялары кызматкерлердин күнүмдүк милдеттеринен алагды болбошу үчүн түздөн-түз ишканалардын аймагында жекече өткөрүлдү. Долбоордун командасы чакан жана орто ишканаларды тандоого өзгөчө көңүл бурган, натыйжада техникалык жардам көрсөтүү үчүн тандалган чакан жана орто ишкерлердин (ЧОИ) 50% аялдарга таандык.

 

Тактап айтканда, биз Кыргыз Республикасынын көпчүлүк аймактарынан жана улуттук экономиканын бир катар тармактарынан чакан жана орто ишканаларды камтый алдык. 

Долбоордун ийгилигинде биздин тренерлердин өзгөчө салымы бар, алар өздөрүнүн билимин жана тажрыйбасын ишкерлер менен ийгиликтүү бөлүшүп, алардын актуалдуу маселелерин чечип, таңгактоо жана маркировкалоо, логистика, сертификация, экспортту пландаштыруу жана Кыргыз Республикасынын жана максаттуу өлкөлөрдүн бажы кызматынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн ар кандай маселелер боюнча практикалык жардам көрсөтүү.

 

Долбоордун Кыргыз Республикасындагы ийгилиги үчүн биздин институттук өнөктөшүбүз ЖИА Бизнес Ассоциациясынын баа жеткис жардамы да маанилүү. Долбоор тууралуу маалыматты үндөөгө жана жайылтууга ЖИА кызматкерлери жардам беришкен. Кеңири аныктоо жана тандоо, потенциалдуу катышуучуларды текшерүүнү жүргүздү, талаа миссияларында материалдык-техникалык жардам көрсөттү жана коучингдин натыйжалары боюнча пикирлерди чогултууга жардам берди жана демилгенин алкагында региондук жана гендердик инклюзивдүүлүктү камсыз кылууга багытталган бир катар милдеттерди аткарды.

 

 Катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү коучингдин жыйынтыгына оң баа беришти. Чакан жана орто ишканалар Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган жана Эл аралык соода борбору (ЭСБ) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында коучтар берген кеңештерден пайда алып, экспортту башкаруу боюнча көндүмдөрдүн кеңири топтомун өнүктүрө алышкандыгы жөнүндө далилдер бар, ЭСБнин бир катар инструменттерине жетүү, биздин экспорттук потенциалыбызды жакшыртуу.

 

ЖИА 2021-жылдын июнь айында орто мөөнөттүү иш-чараны уюштурууга өз салымын кошту, ошондой эле 2022-жылдын 18-мартында өткөн Экспортту башкаруу боюнча машыктыруу демилгесинин (ИКУЭ) жыйынтыктоочу аймактык иш-чарасына катышып, Кыргызстанда демилгенин алкагында жетишилген натыйжалар боюнча өз байкоолору жана сунуштары менен бөлүшө алышты. Анын ичинде алардын ИКУЭ туруктуулугу жөнүндө ойлору, иш-чаралар ошондой эле чакан жана орто бизнестин бенефициарларына коучинг кызматтарынан алынган сабактар ​​боюнча ой жүгүртүүгө, улуттук тренерлер, өнөктөштөр жана башка чакан жана орто бизнес программасынын катышуучулары менен өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берди. Кошумчалай кетсек, орто жана жыйынтыктоочу иш-чаралардын жыйынтыгында, JIAнын бенефициарларына сертификат тапшыруу аземи өткөрүлдү.

 

Сөзүмдүн аягында ЖИА өкүлдөрү бул демилгенин уланышына жана анын туруктуулугуна активдүү кызыкдар экенин белгилегим келет. Тактап айтканда, долбоордун активдүү фазасы аяктагандан кийин ЖИА ЭСБ тарабынан иштелип чыккан коучингдин методологиясынын негизинде Кыргыз Республикасынын региондорунун өкүлдөрүнүн ичинен өзүнүн коучер командасын даярдоо боюнча семинар уюштурду. Экспортту башкаруу демилгеси өзүнүн экинчи өмүрүн табат жана ЖИАнын алкагында жигердүү түрдө ишке ашырыла берет деген реалдуу үмүт бар, алардын көп жылдык тажрыйбасынын негизинде Кыргыз Республикасы экспортерлорунун жыргалчылыгы жана Кыргызстандын экспорттук экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу”.

 

 Долбоордун Кыргыстандагы өкүчүлүгү JIA Бизнес-ассоциациясы демилгенин алкагында алдыга койгон максаттарына  жете алды. Мындай иш-чаранын болуп турушу Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнө чоң таасирин тийгизет. КРнын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2021-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 7229,1 млн долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 27,0%га өстү. Ошондой эле 2021-жылдын маалыматына ылайык Кыргызстандын экспорту 1658,9 миллион долларды түзөт.

 

 

Акыркылар

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү

JIA журналисттик материалдар сынагын жарыялайт

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны – 2021-жыл