Image default

JIA бизнес-ассоциациясы – ишкерлерге түзүлгөн ийгиликтүү ишмердүүлүк аянтча! – Мүчөлөрдүн статистикасы

 “Ийгиликтүү ишкер – өнүккөн өлкө” дал ушундай ураан менен JIA бизнес-ассоциациясы 15 жыл мурун түптөлүп, бул аралыкта Кыргызстандагы ишкерликтин илгерилөөсүнө өз салымын кошуп келе жатат. Жети дубандан чогулган прогрессивдүү жана демилгелүү ишкерлер тарабынан түзүлгөн бизнес-ассоциациянын мүчөлөрүнүн саны бүгүнкү күндө миңге чукулдады.

 

JIA бизнес-ассоциациясы борбордо эле ишмердүүлүгүн жүргүзбөй, дубандарда дагы филиалдары ачылып, аймактарда ишкердиктин өнүгүүсүнө ири салым кошуп келет. 

 

Биздин ассоциациянын ишмердүүлүгү жана артыкчылыктуу багыттары

JIA бизнес-ассоциациясы – бул чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн бириктирип, Кыргызстандын бизнес коомчулугунун активдүү иш алып баруусуна ийкемдүү шарттарды түзүп, чар тараптуу сунуштарды берген атайын аянтча. Бул жерден ишкерлер өз ара пикир алмашып, биргелешип иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөн. Муну менен катар ишкерлерге иш баштоодогу кеңештерден тартып, эл аралык өнөктөштөрдү табууга чейинки мүмкүнчүлүктөр каралган.

JIA`нын мүчөлөрү жана алардын ишмердүүлүгү боюнча төмөнкү сүрөттөрдө кеңири чагылдырылган. 

 

 

Ошондой эле тармактар боюнча атайын комитеттер иш алып барат. Анда ар бир мүчө тигил же бул тармак боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүп, аны талкуулап жана чече алат.

 

 

Ишкерликтеги гендердик теңчиликке басым жасалган

JIA бизнес-ассоциациясы гендердик теңчиликке да өзгөчө көңүл бурат. Кыргызстанда ишкер айымдар көбөйүүсү жана саны эле эмес сапат жактан өсүүсү үчүн дагы алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.  Айта кетсек, учурда ассоциациянын курамында 950 ишкер бар болсо, анын 224ү айымдар. 

 

 

JIA бизнес-ассоциациясынын алдыга койгон пландары

Ишкерлер ийгиликтүү болсо, өлкөнүн экономикасы бай болот. Анткени ишкер – бул экономиканын кыймылдаткычы. Алар жарандарды жумуш менен камсыз кылып, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурушат.

JIA бизнес-ассоциациясы өз ишмердүүлүгүн мындан дагы күчтөндүрүп, алдына амбициялуу мүдөөлөрдү коюп турган учур. 

 

Алардын бирине токтолсок, быйыл ассоциация мүчөлөрүнүн катарын 1200 ишкерге чейин жеткирүү пландалган!

Ар бир ишкерге же ишкер болууну кыялданган адамдар үчүн эшигибиз дайым ачык.  Биз менен иштешүүнү кааласаңыз же кызыккан тааныштарыңыз болсо, төмөндө көрсөтүлгөн даректердеги биздин кеңселерибизге же номерлерге кайрылсаңыз болот.

Ийгиликтүү ишкер – өнүккөн өлкө!

 

 

 

Акыркылар

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны

Подкаст: JIA бизнес-ассоциациясынын тарыхы

JIA Башкаруу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

JIGER 2021 жаш ишкерлер форуму өттү

Ишкер айымдарга зарыл кеңештерди берген биринчи Call – центр ишке кирди

Бизнес Старт долбооруна 14 бизнес долбоору тандалып алынды