Image default

Ишкердикти колдоо борбору бизнесмендерге колдоо көрсөтүү аркылуу өлкө экономикасын жакшыртууда

Бүгүн, 5-декабрь Бизнес-ассоциация JIA жана EККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен түзүлгөн Ишкердикти Колдоо борборунун түштүк региону боюнча өкүлдөрү арасында жолугушуу болду.

Жолугушууга консультант Данияр Аманалиев, Бизнес-ассоциация JIA Аткаруучу директору Фархад Пакыров жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун JIA директорлору жана консультанттары катышты.

Жолугушууда Ишкердикти Колдоо борборунун өкүлдөрү акыркы 6 ай аралыгында жасаган иштери, ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтери жана көйгөйлөр тууралуу тууралуу маалымат берди

Андан сырткары Ишкердикти Колдоо борборунун мындан кийинки иштерин таанытуу, жакшыртуу жана эң негизгиси ишкерлерге көмөк көрсөтүү аркылуу өлкөнүн экономикасын жакшыртууга багытталган пландар түзүлдү.


Ишкердикти колдоо борбору ишкерлерге бизнес маалыматтарды жайылтуу, кеңеш берүү, колдоо жана бизнес демилгелерди жаратуу, ишкердикти уюштурууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтөт.
Бул борбор JIA Бизнес-ассоциациясынын астында жана ЕККУнун колдоосу менен Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Каракол шаарында ачылып, ишкерлерге кызмат көрсөтүп келе жатат.

Акыркы жаңылыктар

БИЗНЕСКЕ АКЧА КЕРЕК

БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАНТ РЫСБЕК БЕГМАТОВ: “ПАНДЕМИЯДАН КИЙИН КАНТИП ИШКЕР БОЛОБУЗ?”

“Talent Startups” долбоору старт алды

Требуется PR-менеджер

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)