Image default

Ишкер айымдарга зарыл кеңештерди берген биринчи Call – центр ишке кирди

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт жана башка тармактардай эле өлкөнүн экономикасына да олуттуу салым кошуп келишет.  Жашаган жерлерине карабай, алыскы региондобу же шаарларда болобу аялдар үй -бүлөдө же бизнесте болсун ири салым кошушат. Бирок эч кимге жашыруун эмес, аялдардын ишмердүүлүгүнө анын ичинде бизнес жаатында дагы тоскоолдуктар көп.

 

Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылуусуна байланыштуу кирген чектөөлөр да терс таасирин тийгизди: көптөгөн ишкер айымдар өз ишин токтотууга же ал тургай иштерин толук жабууга аргасыз болушту.

 

Буга байланыштуу көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык уюмдар ишкер аялдарды колдоого алып, алардын ишинин илгерилөөсүнө салым кошо турган ар кандай долбоорлорду жана программаларды демилгелеп келишет.

 

Бүгүн биз да дал ушул кыргызстандагы ишкер айымдарды кыйын кырдаалда колдоого ала турган долбоор иштелип чыкканы тууралуу сүйүнчүлөгөнү турабыз!

 

Кыргызстандагы ишкер айымдар үчүн биринчи Call – центр ишке кирди. Ал пандемиядан жабыркаган ишкер айымдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

 

Call – центрден ишкер айымдар төмөнкү багыттагы адистерден акысыз кеңеш ала алышат:

 

  1. Финансылык маселелер боюнча
  2. Юридикалык маселелер боюнча
  3. Психологиялык колдоо боюнча

 

Call – центр эки ай иш алып барат (2021-жылдын август-сентябр айлары). Чалууларды кабыл алуу 9:00дөн 17:00гө чейин. Call – борбордун байланыш номери: 0500 99 61 06

 

JIA Бизнес Ассоциациясы бул көйгөйлөр менен катар эле ишкер айымдардын экономикалык кризистен чыгуусуна да түрдүү көмөктөрдү көрсөтүп келет. 

 

Учурда JIA БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Борбор Азиядагы сооданы жеңилдетүү” долбоорунун алкагында Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “Айым ишкерлерге насаатчылык” программасын ишке ашырууда.

 

“Айым ишкерлерге насаатчылык” программасы – бул өз бизнесин ачууну жана өнүктүрүүну көздөгөн аялдардын квалификациясын жогорулатуу жана эффективдүү иш алып барууну үйрөтүүнү камтыйт.

 

Call – центр долбоору үчүн “Ишкер айымдарга насаатчылык” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда!

https://www.akchabar.kg/kg/news/ishker-ajymdar-chn-call-borbor-ishke-kirdi/

 

Акыркылар

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны

Подкаст: JIA бизнес-ассоциациясынын тарыхы

JIA Башкаруу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

JIGER 2021 жаш ишкерлер форуму өттү

Бизнес Старт долбооруна 14 бизнес долбоору тандалып алынды

COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнестерге гранттык колдоо көрсөтүлдү – видео