2019-жылдын 16-ноябрь күнү “Ишкер айымдар кербени” бизнес-форуму Ош шаарында чоң иш-чара менен жыйынтыкталды.
Форум кызыкттарга бай болуп, айымдар арасында “Чай-Пай” интеллектуалдык оюну, караоке, флешмоб, суу үстүндө волейбол оюну жана жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. Андан сырткары форумдун атайын коноктору, ийгиликтүү ишкерлер тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.
#Максатыбыз – ар бир ишкер айымды колдоо, дем берүү жана анын ийгилиги аркылуу өнүккөн өлкө мүдөөсүнө жетүүгө салым кошуу.