Image default

Исфанада ишкер айым JIAдан гранттык колдоо алды

Жаркынай Ганыева Исфана шаарындагы жеке медициналык клиниканы жетектейт. Ишкер Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы жана JIA Бизнес-ассоциациясы менен биргеликте бизнес үчүн жарыяланган сынакка катышып лор-комбайн медициналык аппаратын утуп алган.

 

Кыргызстанда 13 ишкер 10 000 долларга чейин гранттык колдоо алды. Анын 12си айым ишкерлер. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы жана JIA Бизнес-ассоциациясы менен биргеликте бизнес үчүн жарыялаган конкурстун негизинде ишке ашууда.

Грант БУУнун Өнүктүрүү Долбоорунун (UNDP) тарабынан пандемиянын кесепеттерин азайтуу максатында адам укуктарына негизделген натыйжалуу, көп тармактуу, адилеттүү, инклюзивдик кризистик реакцияны жана COVID-19дан кийин калыбына келтирүүнү колдоо үчүн Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле айым ишкерлерге артыкчылы берилген.

Акыркылар

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны

Подкаст: JIA бизнес-ассоциациясынын тарыхы

JIA Башкаруу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

JIGER 2021 жаш ишкерлер форуму өттү

Ишкер айымдарга зарыл кеңештерди берген биринчи Call – центр ишке кирди

Бизнес Старт долбооруна 14 бизнес долбоору тандалып алынды