JIA ишкерлери Индия иш-сапарынын алкагында Мумбай шаарында өтүп жаткан Эл аралык “CAPINDIA” химиялык өндүрүмдөр, пластмасса, курулуш жана минералдык продукттар көргөзмөсүнө катышууда. Көргөзмө буга чейин 7000 жергиликтүү ишкерлердин башын бириктирген. Жыл сайын 38 өлкөдөн 400дөн ашуун чет өлкөлүк зыярат кылып, өнөктөштүк келишимдерин түзүшөт.
Мүчөлөрүбүз Индия ишкерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Алдыда тыгыз кызматташып, алака түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карашууда.