Image default

«Эки өлкөнүн ортосундагы ишкерлердин кызматташуусу кийлигишүүсү жок ишке ашуусу татаал» -деп билдирди Фархад Пакыров

Бизнес-ассоциация JIA Аткаруучу директору Фархад Пакыров Евразия жумалыгына катышып, спикер катары сөз сүйлөдү. ЕАЭБ алкагында чакан жана орто бизнеске аянтча түзүү боюнча жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айткан Фархад Пакыров, бул багытта төмөнкү иш-аракеттер жасалышы керектигине токтолду.

«Евразиялык жумалыктын Кыргызстанда, Бишкекте өтүп жатканы жакшы көрүнүш. Мындай аянтчалар мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы мамиленин жаңы деңгээлге чыгуусуна шарт түзөт. Бирок бул саясий гана аянтча болуп, ири маселелер талкууланган жер болуп калбашы керек. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн ЕАЭБ алкагында бизнес-ассоциациялардын кызматташуусу үчүн да атайын аянтча түзүлгөнү мезгил талабы. Алсак, эки өлкөнүн ортосундагы ишкерлердин кызматташуусу Экономика министрлиги же элчиликтердин кийлигишүүсү жок ишке ашуусу татаал. Белорусиядагы бир ишкер менен жөн гана байланыш түзүш үчүн элчиликтер эмес, бизнес-ассоциациялар аркылуу кызматташуу эффективдүү жана маселенин бат чечилүүсүн шарттайт. Ошол себептүү бизнес чөйрөнүн кызматташуусун жакшыртуу максатында ассоциациялардын ролун күчөтүүнү сунуштайбыз.» — деп билдирди JIA аткаруучу директору.

Рекомендуемые новости

ЦПП влияет на развитие экономики через поддержку бизнесменов в регионах

Круглый стол на тему «Государственное частное партнерство и Бизнес: сотрудничество или соперничество?!»

JIA приняла участие на форуме «Creative Central Asia 2019» в г. Ташкент

Деловая поездка в Индию

JIA поддерживает женское предпринимательство

Экскурсия в компанию «Азра жемиштери»

Оставьте комментарий