Image default

Эмне үчүн өкмөт курулуш тармагына көңүл бурушу керек?

Пандемияга байланыштуу көпчүлүк мамлекеттерде курулуш иштери токтоп калды. Кризистин алдын алуу максатында Орусия, Казакстанда курулуш боюнча чоң программалар кабыл ала баштады. Алсак, Орусия өкмөтү курулуш компанияларга 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) чарчы метр өлчөмүндө мамлекеттик буйуртма берип, 25 000 батирди ипотекага жеңилдетилген кредиттер менен, андан сырткары 5 000 батир мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жөнөкөйлөтүлгөн насыя берүү жолдору каралып атат. Кошуна мамлекет Казакстан курулуш тармагын сактап калыш үчүн 180 млрд. тенге бөлдү.

Дал ушул убакытта ата-мекендик курулушчулардын абалы кандай?
Алар кризиске туруштук бере алабы? Ал үчүн мамлекет кандай көмөк көрсөтүүсү керек?

⤵️⤵️ Бул тууралуу 7-майда JIAнын Курулуш комитетинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, ошондой эле Долбоорлоо институту, Бишкек шаардык архитектуранын өкүлдөрү ортосунда онлайн-жолугушуу жүрүп бир катар маселелер каралды. Ага ылайык, курулушчулар абалдан чыгуу үчүн төмөнкүдөй сунуштарды берди.

 Кризиске себеп болгон 2 чоң тармак – нефть жана курулуш тармагы. Андыктан өкмөт курулуш тармагына көбүрөөк көңүл буруусу керек. Өкмөт тараптан бөлүнүп аткан 14 млрд. сомдон канчасы курулуш тармагына каралганы белгисиз. Курулуш агенттик бул жаатта иштеп, этаптуу куруу жана долбоорлоо тууралуу мыйзамын кабыл алууну тездетсе жакшы болмок экендигини айтышты.

 Өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул кризис себептүү учурда иштеп жаткан курулуш компаниялардын 80% жабылып калуу коркунучунда турат. Тез арада жумушчу топ түзүп, алар бир бирине каршы келген мыйзамдардын үстүндө ишти баштоо керек.

 Орусия, Казакстанда өкмөт турак жай жана жол курууга чоң каражат бөлүп атат. Кыргызстанда Мамлектеттик ипотекалык компания бүгүнкү күнгө чейин эски же болбосо мурда курулган үйлөрдөн батир сатыл алууда. Мындан нары ошол каражатты жаңы үйлөрдү тургузуп жаткан курулушчулардын ассоциацияларына берсе, жумуш орундар сакталып, салыктар төлөнөт жана эл жаңы батирге ээ болот.

 Кризиске каршы деген каражаттын бир бөлүгүн Өкмөт МИК аркылуу курулуш компанияларга берсе, курулуш тармакты сактап калууга чоң жардам болмок. Мисалы: 2016 статистикасы боюнча Кыргызстанда курулуш тармакта 35 000 адам иштесе, азыр 10 000 ден аз адам иштейт.

 “Буга чейин МИК көп кабаттуу үй куруу тендерин жарыялаганда, көпчүлүк курулуш компаниялар ал жөнүндө билбей калган. Сунуш – каражатты МИК кардарларга берсе, алар өздөрү каалаган жерден жаңы батирлерди тандаса.”

#курулуш #этаптуукурулуш #JIA #курулушкомиетти #өрткоопсуздугу #мыйзамдолбоор #ГОССТРОЙ #пандемия #кризис #сунуш

Акыркы жаңылыктар

“Talent Startups” долбоору старт алды

Требуется PR-менеджер

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)

“Пандемиядан эң көп жабыркаган дагы, эң тез жандана турган дагы тармак туризм болушу мүмкүн.”

Чет-өлкөлүк ишканалардын тажрыйбасы: бизнес кантип кризиске каршы туруштук берип атат?