Image default

Эльдар Абакиров менен бизнес-кино

Дүйнөнү кыялкечтер курат

11-июль Эльдар Абакиров менен бизнес-кино өттү. Ишкерлер “Такер: Человек и его мечта” аталышындагы кино көрүштү. Анда, ишкерлер кызыктуу маек куруп, Эльдар Абакиров кыялдануу жана ага ишенүү – ийгиликтин биринчи сыры экенин айтты. Бул жолугушуу ар тараптан пайдалуу болду.
Кинодогу башкы каарман Такер кыйынчылыктарга карабастан, өзүнүн кыялындагы унаа жасайт. Анын 40-жылдары унаа дүйнөсүнө киргизген жаңы өзгөртүүлөрү азыркы учурга чейин колдонулуп келет. Ал өзүнүн кыялына чын-дили менен ишенди жана акыры максатына жетти.
Ошондуктан: “Дүйнөнү кыялкечтер курат, алар дүйнөнү өзгөртүшөт, жаңы технологияларды жана өзгөчө ачылыштарды жасай алышат”-деп бекеринен айтылбаса керек.
Келгиле биз дагы кыялданып,ага ишенүү менен көптөгөн бийиктиктерди багындыралык…

Акыркы жаңылыктар

Aimak.kg : Жалал-Абад JIA Бизнес-ассоциациясынын кезектеги Жалпы жыйыны өттү

Токмок JIA ишкерлери үчүн Кегете капчыгайында кемпинг

Ыссык-Көл ишкерлери менен жолугушуу

Бизнесте балдар эмгегин колдонуу кандай таасир кылат? Экспорт кылууда кандай тоскоолдуктарды жаратат?

Бүгүнкү күндө заманбап ишкер кандай болуусу керек? Эмиль Уметалиевден топ-3 кеңеш

JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери Индияда

Комментарий калтырыныз