25-28-ноябрь күнү Дубайга иш-сапар уюштурулду. Анда ишкерлерибиз курулуш тармагындагы масштабдуу “The BIG 5 Show” көргөзмөсүнө катышып, чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен кызматташууга келишим түздү.
📌 Бул көргөзмө 1982-жылдан бери уюштурулуп, курулуш тармагында маалымат, тажрыйба жана жаңы трендтер менен алмашууга чоң аянтча. Ага 80 өлкө катышып, катышуучулардын саны 80000 чейин жетет. “The BIG 5 Show” алкагында “Жашыл курулуш” аталышындагы саммит, практикалык семинарлар өтүп турат.
📌Ошондой эле, көргөзмөдөн киийн ишкерлерге маданий программа уюштурулуп, мүчөлөрүбүз Дубайдагы мекендештерибиз менен жолугушту.