Image default

Чет-өлкөлүк ишканалардын тажрыйбасы: бизнес кантип кризиске каршы туруштук берип атат?

Кризис бүтүн дүйнөнү каптаганы менен, ишкерлер ага багынып берген жок.

Сатуу каналдарын өзгөртүү

Чоң жоготууларга учурабоо үчүн дүкөндөр жабылганда, тажрыйбалуу ишкерлер сатуу стратегиясын өзгөртүштү.

Мисалы, Уханьдагы Lin Qingxuan косметикалык компания дүкөндөрүнүн 40% жапты, бирок бул брендтин 100 кеңешчиси WeChat (Кытайда Whatsapp ордуна колдонулат) сыяктуу мессенджерлер аркылуу кардарларды топтоп, онлайн сатууларды көбөйтүп атты.

Harvard Business Reviewнун кабарлаганы боюнча, «натыйжада брендтин жалпы сатуу көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 200%га өстү».

Бар мүмкүнчүлүктөрдү башка багытка буруу

Кризистен катуу жабыркаган кафе жана ресторан кызматкерлери өз ишин уланталбай калды. Кээ бир кытайлык ишканалар жумуштан бошотуунун ордуна кызматкерлерин башка жумушка өткөрүштү, мисалы кризистен кийинки аракеттерди пландоо, ал эми кээ бирлери кызматкерлерин башка ишканаларга өткөрүштү.

Мисалы кирешенин кескин түрдө азаюусунан улам 40тан ашуун ресторан, отель жана кинотеатр тармактары (сеть) кызматкерлеринин бир нечесин Alibabaга таандык Hema сыяктуу супермаркеттердин тармагына өткөрдү. Анткени ошол учурда онлайн сатуунун көлөмү абдан өскөнүнө байланыштуу жеткирүү кызматында иштегендерге чоң муктаждык пайда болгон. Ele, Meituan и JD’s 7Fresh сыяктуу башка ишканалар дагы муну өрнөк тутуп, мурда ресторандарда иштеген кызматкерлерди жумушка алып баштады.

Жамаат менен аракеттенүү

Айлык төлөй албагандыгы үчүн көптөгөн ишканалар кызматкерлерин жумуштан бошотууга аргасыз болду. Кээ бирлери адаттан сырткары ыкмаларды колдонуп атышты, мисалы Gravity америкалык компаниясы. Банкрот болуу же эмгек жамаатынын 20% кыскартуу коркунучуна туш болгондо, ишкананын башкы аткаруучу директору Дан Прайс мындан нары эмне кылуу керектиги тууралуу кызматкерлердин оюн сурады. «Башкы директор катары, жогорку жактан ылдыйга түшүргөн чечимдерге ишенбейм», – деп жазды Прайс Twitterде. «Ар бир кызматкер менен биздин каражаттар жана идеялар тууралуу сүйлөшүүгө 40 саат убакыт сарптадым».

Маселе талкууланган соң, жалпы жамаат өзгөчө чечимге келди: ишкананын эмгек жамаатынын 20% кыскартпоо үчүн, ар бир кызматкер өз айлыгын (зарплата) канчага азайтууга өзү чечим кабыл алды. Анда дагы, айлыгы жогору болгон кызматкерлер кирешесин чоңураак өлчөмдө азайтууга макул болушту, айлыгы төмөн кесиптештерине салыштырмалуу.

Башкаруу үчүн социалдык тармактарды колдонуу

Узактан жумуш аткаруу (удаленная работа) жана жаңы татаал маселелер пайда болгондо, көптөгөн кытайлык ишканалар кызматкерлер менен өнөктөштөрдүн жумушун башкарууда социалдык тармактарды колдонуп баштады.

Мисалы, Кытайда ич кийим өндүргөн эң ири Cosmo Lady ишканасы, WeChat аркылуу сатууларды көбөйтүү үчүн программа иштеп чыгып, кызматкерлерине чөйрөлөрү аркылуу ал программаны аткарууну тапшырды. Компания кызматкерлердин арасында (председатель жана башкы директорду кошуп) сатуулар рейтингин түзүп, баарын бул демилгеге шыктандырды.

Онлайнда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө

Кризис бардык тармактарга таасирин тийгизди, бирок, талап (спрос) өскөн тармактар да жок эмес. Булар электрондук коммерция B2C (Business to Customer – ишканадан кардарга, өзгөчө “эшиктен эшикке” ыкмасы), электрондук коммерция B2B (Business to Business – ишканадан ишканага), онлайн-жолугушуулар кызматы, социалдык тармактар, тазалык (гигиена) каражаттарын өндүрүү, медициналык камсыздандыруу (страхование) ж. б. Бул талаптарды аткаруу үчүн кээ бир ишкерлер тез арада өздөрүн даярдады.

Мисалы, тунистик IntiGo такси кызматы убактылуу түрдө жеткирүү кызматына айланды. Саатына 4 доллар алып, компания азык –түлүк жана башка товарларды кардарларга жеткирүүдө.

“Оn-demand” (талап боюнча) автоунааларды тазалоо Spiffy америкалык кызматы, бөлмө жана имараттарды дезинфекциялоо кызматын көрсөтө баштады.

Телефонго заряд толтуруу каражаттарын өндүргөн ChargedUp (Заряддоо) компаниясы, CleanedUp (Тазалоо) бөлүмүн түзүп, колдорду дезинфекциялоо каражаттары менен кардарларын камсыздап атат.

Инновациялык продукт киргизүү

Кризис жаңы продукт киргизүү эмес, бизнести сактап калуунун бардык жолдорун жаап салган сыяктуу. Бирок кээ бир ишкерлер базардын талабына ылайык жаңы продукттарды киргизип атат.

Массачусетс штатында жайгашып, 3D-печать менен иштеген Markforged жана Formlabs компаниялары беткап (маска) жана COVID-19 аныктоодо колдонулган мурундар үчүн тампондорду өндүрө баштады.

3D-принтердин жардамы менен беткап өндүрүү жөнөкөй, анткени файлдарды жалпыга жеткиликтүү кылса болот жана стандартка ылайык экендигин тастыктоо зарыл эмес.

Компаниянын саламаттыгын сактоо директору Гаурав Манчанданын айтуусу боюнча, FormLabs 3D-принтерлери АКШ жана чет-өлкөнүн 100 ашуун ооруканаларында бар, ошондуктан радиолог, хирург дарыгерлер бул каражаттарды учурда колдонуп атышат. Мындан эки апта мурун дарыгерлер FormLabs менен байланышып, жетишсиз болуп аткан беткап өндүрүүдө жардам сураган.

Тез арада калыбына келүүгө даярдык көрүү

Кытай жөнүндө сөз кылсак, алгачкы катталуудан алты аптадан кийин, калыбына келүүнүн алгачкы этаптары белгилүү болгондой –  жолдордо адам кыймылы жана товарларды ташуу көбөйдү. Ушул сыяктуу эле көмүрдүн керектөөсү дагы өсүүдө – 43%төн 75%га (2019 жылга салыштырганда), бул дагы өндүрүштүн өсүп жаткандыгын көрсөтөт. 2019 жылга салыштырганда 1%га чейин төмөндөгөн кыймылсыз мүлк тармагындагы жалпы сатуулар 47%га чейин өстү.

Андыктан ишкерлердин көпчүлүгү толук кандуу иштегенге даярдык көрүүдө. Мисалы, кытайлык туристтик агенттиктердин бири узак мөөнөттүү даярдык көрүп баштады. Компанияда кыскартуулар болгон жок, кызматкерлерди өз убактысын ички системаларды жаңылап, жаңы кызматтарды жана продукттарды ойлоп табып, калыбына келүү учуруна жакшы даярданууга шыктандырып атышты.

Кризис менен күрөшүүдө дүйнөлүк компаниялардын тажрыйбасын изилдеп, күтүү учурундагы айдан ачык болгон нерсе: сууга чөкпөй, сүзүп кетүү үчүн өзгөртүү киргизүү зарыл. Бул нерсе товарларына талап жок болуп калган компанияларга эле эмес, тескерисинче, өсүп жаткан компанияларга дагы тиешелүү. Өсүп аткан талап жана көрсөтүлгөн кызматка канааттанбаган кардарлар – бул дагы ишкана үчүн чоң сыноо.

 

Маалымат булагы: https://dasreda.ru/learn/blog/article/700

Акыркы жаңылыктар

“Talent Startups” долбоору старт алды

Требуется PR-менеджер

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)

Эмне үчүн өкмөт курулуш тармагына көңүл бурушу керек?

“Пандемиядан эң көп жабыркаган дагы, эң тез жандана турган дагы тармак туризм болушу мүмкүн.”