“Таласта өндүрүлгөн буурчактын дүйнөлүк рыноктун 30%ын ээлегендиги жакшы жетишкендик. Эгер биз эл аралык деңгээлде өз ордубузду кармап калууну кааласак, анда буурчакка болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз зарыл.
Бизнес Ассоциация JIA Эл аралык Эмгек уюму менен биргеликте 2018-жылы буурчак, жаңгак жана пахта өндүрүшчөлөрү арасында балдардын эмгеги боюнча изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтык анча жакшы эмес, тилекке каршы, балдар эмгеги колдонулуп жатат. Дыйкан-фермерлер балдарды мээнеткечтикке үйрөтүүнү балдарды иштетүүгө алмаштырып албашы керек. Тескерисинче, балдарды жаш кезинде билим алууга үндөп, ошого шарт түзсө келечек үчүн чоң салым болот.
Эл аралык көргөзмөлөрдө башка өлкөлөрдүн катышуучулары стенддин жанына “Балдар эмгеги колдонулган эмес” деген маанидеги сертификаттарды илип коюшат. Кардарлар да буга маани беришет. Таластын буурчагына да келечекте ушундай талап болот, а биз буга даярдыкты бүгүндөн баштаганга аракет кылалы.”
© Жоодар Омошов, Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу Кеңешинин төрагасы, “Салон ковров “1001 Kilem” компаниясынын негиздөөчүсү