Image default

Buurchak Feast-2019

Buurchak Feast-2019 / Business Caravan Талас шаарында өтүп жаткан бизнес-форумдун расмий ачылышына КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Молдонович Мураталиев катышып, ачылыш сөзүн сүйлөдү:

“Бүгүнкүдөй иш-чаранын байма-бай өтүп турганы жалпы өлкө үчүн маанилүү жана актуалдуу деп эсептейбиз. Биз, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк Бизнес Ассоциация JIA менен алгачкы ачылган күндөн тарта тыгыз кызматташып, чогуу иш-чараларды өткөрүп келебиз. Ассоциациянын Талас облусунун экономикасын көтөрүүгө кошкон салымы зор жана мындан ары да бул багытта ийгиликтүү иш алып баруусуна тилектешпиз. Алсак, Таластын төө буурчагын өндүрүүдө жана экспорттоодо Talas JIA ишкери Миргазы Оморов сыяктуу ишкерлердин салымы чоң.

Талас облусунун 80% кирешеси буурчакты өндүрүү жана экспорттоо түзөт. Өндүрүлгөн буурчак Европа, Азия өлкөлөрүнө, КМШ өлкөлөрүнө экспорттолууда. Учурда облустагы 110 миң га жердин 60%на жакын жерине буурчак өстүрүлөт жана буурчак Таластын монокультурасына айланып калды.

Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустагы бизнес коомчулугун, дыйкан-фермерлерди ар тараптуу колдоого жана тыгыз кызматташууга даяр. Анткени бизнести өнүктүрүү аркылуу аймакты өнүктүрүү мүмкүн экенин биз жакшы билебиз.”

Акыркылар

JIA эмгек шарттары боюнча үч тараптуу Башкы келишимге кол коюу аземине катышты

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү