Image default

БИЗНЕСКЕ АКЧА КЕРЕК

Ишкер акчага муктаж – жаңы баштаган учурда же ишин чоңойтуу үчүн. Бири 100 000 (жүз миң) сомго муктаж болсо (ишти башташ үчүн), экинчисине 10 000 000 (он миллион) сом дагы аздык кылат. Айтор, акча каражат табуу – учурда ар бир ишкердин көйгөйү сыяктуу көрүнөт.

Байкашымча, азыркы күндө кичи жана орто ишкердиктин өкүлдөрүнө жеткиликтүү акча каражат булактары төмөндөгүлөр:

  1. Ишкердин жеке өзүнүн акчасы;
  2. Карызга алынган акча – үй-бүлөсүнөн, дос-жардан ж.б.;
  3. Насыя – банктык же микрокредиттик уюмдардан;
  4. Донордук уюмдардын жардамы – коюлган талаптарга ишкер жооп берсе;
  5. Инвестиция – ар кандай түрдө болушу мүмкүн, бирок бул жерде жеке инвесторлор тууралуу.

Булардын арасынан эң жакшысы – жеке өзүнүн топтогон акчасы. Тобокелге барып, ишин баштагандан кийин зыян тартып калса – өзүнөн бөлөк эчкимди капа кылбайт. Иш оңунан чыгып, пайда тапса – анда дагы баары өзүнө калат.

Карызга алынган акча каражат – банк насыясынан алда канча жакшы, анткени айткан мезгилде карызды кайтаралбай калсаңыз – жакындарыңыз күтүп турат.

Банктык же микрокредиттик уюмдардан алынган насыя – жаңы ачылган ишкана үчүн аябай кооптуу нерсе. Бир мезгилде чогуу иштешкен жапон адистин айтканы эсимде – жапон ишкерлер банктан насыя алардан мурун базарды жакшы изилдеп, жаңы өнүм же кызмат ойлоп таап, аны өз күчү менен (кичине көлөмдө) базарга сатууга чыгарып көрөт. Андан кийин иштин чоңойушуна көздөрү жетип, кардар тапканда, ал кардар менен кызматташуу келишимди түзүп, анысы менен банкка барышат экен.

Адистердин берген кеңешин кайталап өтөйүн – банк насыясы ишкананы жаңы ачкан учурда эмес, ишкана өсүп жаткан учурда алынат. Анткени, алмайдын бермейи бар. Банк – сиздин тууганыңыз эмес, карызды өз мезгилде кайтарбасаңыз, күтүп турбайт.

Кыргызстаныбыз эгемендүүлүккө жеткенден баштап жакынкы күндөргө чейин жалпы 10 000 000 000 (он миллиард) АКШ долларга чейин акчаны эл аралык донордук уюмдардан алды деген маалыматты сиздер дагы жолуктурсаңыздар керек. Бул акчанын бир бөлүгү – кайтарылбаган гранттык негизде берилсе, калганын төлөп беребиз – пайызы менен. Башкача айтканда, биз, азыркы учурда жашап жаткан Кыргызстандын эли, келечек муундарыбыздан карызга алып жатабыз (эл аралык уйумдардан эмес – түпкулүгүндө). Биз алдык (жана токтотпой алып келип жатабыз) – балдарбыз, алардын балдары жана ………….. төлөп берет, эч жакка качып кутулбайт.

Акыркы эки жылда донордук уюмдардан жардам алуу үчүн кагаздарды даярдоого аралашып калдым – ишкерлердин кайрылуусу менен, аткарып жаткан жумушума байланыштуу. Байкашымча, донорлордун талаптары өсүп баратат. Анткеним, бир топ шарттар аткарылмайынча гранттар берилбей калды. Мисалы, 3 (үч) жылдан кем эмес ишкер катары катталуусу жана тажрыйбасы болушу, белгилүү өлчөмдө эсеп жүргүзүп, ал жөнүндө маалымат бериши, мурункудай долбоорду 100% толугу менен каржылабай, жарымын (же үчтөн бирин) кошо-каржылоосу (со-финансирование) ж.б.

Катары боюнча акыркысы, бирок менин пикиримде  эң жакшысы жана маанилүүлүгү боюнча алгачкы орунда – бул жеке инвестиция. Б.а. ишкерлер бири-бирин каржылап, жаңы ишканаларды түптөшү. Артыкчылыктар:

  1. Убакыттан утасыз – ишкер иштин көзүн билгендиги үчүн, сиз берген сунушту дароо түшүнөт жана көптөгөн кагаздарды талап кылбайт. Ал эми убакыт – эң кымбат жана орду кайра толтурулбас ресурс;
  2. Тобокелди чогуу аласыздар – кемеге чыккандын жаны бир. Сизден (инвестиция тарткан кишиден) талап кылынган нерсе – мыкты дайардалган бизнес план (анын ичинде пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдердин баардык түрүн камтууга аракет кылыш керек) жана ишке чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоо.

Келечектеги пайдасы менен бөлүшкүсү келбеген бир топ инсандарды көрдүм – муну айтканымдын себеби, өнөктөш болуп иштегенди каалабаган ишкерлер. Албетте, казанчынын өз эрки кулакты кайдан чыгарат. Жеке менин көз карашым – чыныгы ишкер болсоңуз, жасап жаткан (же баштайын деген) ишиңизди туура көрсөңүз, ишиңиз жеке сизге пайдалуу болгондон сырткары жалпы коомчулукка, өлкөгө оң таасирин тийгизерине ишенсеңиз – анда тапкан пайданын бир бөлүгүн, сизге ишенип бир мезгилде колдогон инвесторго берүүдөн баш тартпайсыз.

Аманчылык болсо, кийинки макалада инвестор менен мамилени эң башынан туура түзүү тууралуу кеп козгойбуз.

Жалпыңыздарды терең урматтап,

Рысбек Бекматов

Ишкердикти колдоо борбору Жалал-Абад

Акыркы жаңылыктар

#startupWeekendwomenOsh

Корпоративдик байланыштарды колдоо: ишкерлер арасында футбол турнири

Пакыров: Кризистен кийин чакан орто бизнеске көбүрөөк көңүл бурушубуз керек

Не знаете, что делать с бизнесом дальше? Есть предложение

Ийгиликтүү ишкерлердин ийгиликсиз тажрыйбаларынан: Өнөктөштүктө эмнелерге маани берүү керек?

JIA дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирет! 🙏