Image default

“Бизнес Старт” долбоорунун алкагында 80 катышуучу окутуу программасынан өттү

Өлкөбүздүн 5 облусунда (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас) аялуу топтордун өкүлдөрү үчүн Бизнес Старт Кыргызстан долбоорунун алкагында бизнес баштоо боюнча окутуу программалары аягына чыкты. Окутуу программасына катышуу үчүн жалпы 300 дөн ашуун өтүнмө түшүп, көзкарандысыз комиссия тарабынан 80 катышуучу тандалып алынган.

Регионалдык эксперт жана консультанттар ишкердикке киришүү, иш жүргүзүүнүн уюштуруу– укуктук формасын тандоо, маркетингдин негиздери, маркетингдик планды түзүү, өндүрүштүк план жана финансылык план жана отчеттуулук темаларында тренинг өтүштү.

Бардык региондордо окутуу программасы аяктап, 45 бизнес долбоор  “Инновация сыйлыгына” талапкер катары катышууда. Чакырылган калыстар тобу 20-февралда алдын-ала сынак өткөрүп, эң мыкты 10 MVP (алгачкы минималдуу продукт) бизнес-планын тандап алышып ар бир проектке 2000 еврого чейин баш байге берилмекчи.

“Бизнес Старт” долбоору FSDS коомдук фонду , JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор аймактагы бизнес тренерлердин жана ишкерлердин демилгесин жогорулатуу, ошондой эле бизнес-тренерлер менен аялуу топтордун өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара карым-катнаш аянтчасын түзүү, ишкердик баштайм деген аялуу топтордун демилгелерин колдоону көздөйт

 

Акыркылар

Ишкер айымдарга зарыл кеңештерди берген биринчи Call – центр ишке кирди

Бизнес Старт долбооруна 14 бизнес долбоору тандалып алынды

COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнестерге гранттык колдоо көрсөтүлдү – видео

Исфанада ишкер айым JIAдан гранттык колдоо алды

JIA бизнес-ассоциациясы – ишкерлерге түзүлгөн ийгиликтүү ишмердүүлүк аянтча! – Мүчөлөрдүн статистикасы

JIA ишкерлеринин Өзбекстанга болгон иш сапары