Image default

Бизнес Старт долбооруна 14 бизнес долбоору тандалып алынды

23-июлда жалпы 5 облус боюнча Бизнес Старт долбоорунун алкагында келген долбоорлорду баалоо көзкарандысыз комиссия тарабынан ийгиликтүү өткөндүгүн кабарлайбыз.

Долбоордун алкагында жалпы 45 бизнес долбоор кабыл алынып алардын ичинен комиссия тарабынан 14 бизнес долбоор “Инновация сыйлыгына” колдоо тапты жана катышуучулардын долбоорлорунун өзгөчөлүктөрүнө карап ар бир өтүнмө үчүн 2000 еврого чейин кайтарымсыз грант берилмекчи.

Долбоордон өтпөй калган катышуучуларга кийинки өтүнмөлөрдө ийгилик каалайбыз. Биз сиздерден жаңы өтүнмөлөрдү күтөбүз.

Ал эми долбоорду уткан катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз жана  жакынкы күндөрдө сиздер менен байланышабыз.

“Бизнес Старт” долбоору JIA Бизнес Ассоциациясы FSDS коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор аймактагы  бизнес тренерлердин жана ишкерлердин демилгесин  жогорулатуу, ошондой эле   бизнес-тренерлер менен аялуу топтордун  өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара  карым-катнаш    аянтчасын  түзүүнү көздөйт.

Акыркылар

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны

Подкаст: JIA бизнес-ассоциациясынын тарыхы

JIA Башкаруу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

JIGER 2021 жаш ишкерлер форуму өттү

Ишкер айымдарга зарыл кеңештерди берген биринчи Call – центр ишке кирди

COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнестерге гранттык колдоо көрсөтүлдү – видео