Image default

Бизнес-өнөктөш тандоодон мурун бул кеңештерди окуңуз

JIA мүчөлөрү үчүн “Бизнестеги өнөктөштүк” аталышындагы онлайн-семинар өттү.

Семинардын спикери коомдук ишмер, экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров болду. 7 аймактан ишкерлер катышкан онлайн-семинарда, Эльдар Абакиров ишкердик чөйрөсүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Биз сиздер менен эң кызыктуу айтылган кеңештер менен бөлүшөбүз:

Капитал же убакыт жетишсиз болгондо, ишкерлер бизнес- өнөктөш издешет. Бул жумушту жеңилдетет.
Бирок бизнес-өнөктөш тандоо – бул абдан маанилүү.

1. Өнөктөш тандоо
Келечектеги өнөктөшүңүз жөнүндө таба турган бардык маалыматтарды изилдеңиз.
2. Милдеттүү салымдар
Алдыдагы бизнес-өнөктөшүңүз сөзсүз түрдө акчалай инвестиция кылышы керек. Кетирген каражаттар мыкты стимул болот.
3. Бирдей иш ыкмасы (ишке болгон бирдей көз караш)
Бизнес-өнөктөштөр бир багытта ойлонушу керек. Утурумдук келишпестиктер ийгиликке жеткирбейт.
4. Шериктештин бизнестеги үлүшү – 49%дан ашык эмес болуусу маанилүү
Бизнесте ар дайым үстөмдүк кылган бирөө бар экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Бирок, эгер сиз компаниянын көпчүлүгүнө ээ болсоңуз, анда бардык жоопкерчилик сизге жүктөлөт.
5. Документ иштери
Өнөктөштөрдүн салымдары, укуктары жана милдеттенмелери, пайда бөлүштүрүү жана башка маанилүү маселелер боюнча бардык маалыматтар кагазга жазылышы керек.

6. Бизнес жана достук – эки башка нерсе

Досторуңуз же туугандарыңыз менен бизнес-өнөктөш болуудан алыс туруңуз. Эмне үчүң деп сурасаңыз керек? Досуңуз / тууганыңыз менен болгон мамилеңизди бузуп алышыңыз мүмкүн. Бул процессте дос / тууган күч-кубат менен иштейт. Андыктан достук жана бизнес өзүнчө караган жакшы.
PS: үй-бүлөлүк бизнес буга кирбейт

Бизнестеги өнөктөш табуу чечими өтө маанилүү. Төмөндөгү 9 суроо туура чечим чыгарууга жардам берет:
1. Бизнес өнөктөштөн эмнени күтөм?
2. Менин өнөктөшүмдүн финансылык абалы кандай?
3. Өнөктөшүңүз жалпы ишиңизге канча убакыт коротууга даяр? Ал ага катышууга канчалык даяр?
4. Сиздин потенциалдуу өнөктөшүңүз жалпы ишке канчалык күйөт?
5. Өнөктөштүн жашоосунда бизнес жүргүзүүдөн алаксыта турган башка нерсе барбы?
6. Ал оор кырдаалда өзүн кандай алып жүрөт?
7. Анын мага болгон кандай суроолору бар? (Өнөктөш сөзсүз түрдө суроо бериши керек. Жөн гана акча салуу менен чектелсе, анда анын башка кызыкчылыгы бар же такыр кызыгы жок. Андай өнөктөш иштин алдыга жылуусуна да көп кызыктар болбойт).
8. Мага чын эле өнөктөш керекпи? (Өнөктөштүн акчадан сырткары тааныш-билиши, иштин көзүн билүү ж.б.у.с. артыкчылыктары болушу зарыл).
9. Эгер көйгөйдү чече албасак, эмне болот? (Өнөктөштүктөн чыгуу жолу да алдын ала сүйлөшүлүшү керек).

Эми сиз бизнес-өнөктөш тандоо канчалык маанилүү кадам экендигин түшүнүп жатасыз. Ушул жөнөкөй кадамдар жана суроолор сизге бул маселени чечип, бизнесиңизди кеңейтүүгө жардам берет.

 

Акыркы жаңылыктар

Lady Club: ишкер айымдардын неформалдуу кечеси

Таластан Жалал-Абадка… Ишкерлер арасында тажрыйба алмашуу

Таластан Ошко… Ишкерлер арасында тажрыйба алмашуу

Айым ишкерлерди колдоо программасы старт алды

МЕЙКАТОН 2020 долбоорунун жеңүүчүлөрү

JIA EXPO- ишкерлердин өз ара таанышуу жана кызматташуусу үчүн аянтча