Image default

БИЗНЕС ИДЕЯНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

Идеялар жашоодон алынат, идеялар коомдук жашоодогу бир көйгөйдү чечет, бир боштукту толтурат, бир баалуулук алып келет. Сиз нан бышырып, эт жана айран-сүт сатып, же бут кийим оңдоп ишкер болсоңуз да, туристтерди космоско учуруп, электромобиль же акылдуу уюлдук телефон өндүрсөңүз да – инсандардын күнүмдүк жашоосуна пайда алып келген бир иштин түрү менен алек болуп жатасыз деген сөз.

Бизнес идеяны туура тандаш үчүн, оболу өзүңүздү жакшы тааныганга аракет кылыңыз. Эмнеге кызыгып, эмнени каалайсыз? Андан кийин, кандай тажрыйбаңыз бар жана артыкчылыгыңыз эмнеде (б.а. кайсы ишти башкалардан жакшыраак жасай аласыз?)

 

Сизге жардам бериш үчүн суроолордун мисалдары:

  1. КЫЗЫГУУЛАР
  • кандай китептерди окуйсуз;
  • соцтармактарда кандай тайпаларга жазылгансыз;
  • кандай жумуш жөнүндө кыялданасыз;
  • жашоодо сизди шыктандырып, аракет кылууга түрткү берген нерсе эмне?;
  • баалуулуктарыңыз кандай? – чынчылдык, адилеттүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк ж.б.;
  1. КААЛООЛОР
  • канча киреше тапкыңыз келет – айына же жылына, кыргыз сом менен;
  • канча байлыкка ээ болгуңуз келет – мисалы, бир тармакта 10 жыл иштегенден кийин (же беш жыл);
  • аптада канча күн иштегиңиз келет;
  • канча адамга жетекчи болгуңуз келет.
  1. ТАЖРЫЙБА
  • көндүмдөрүңүз (эмне жасай аласыз) жана иш тажрыйбаңыз (болсо);
  • билимиңиз кайсы тармакта;
  • эмнени жасай АЛБАЙСЫЗ.
  1. АТААНДАШТЫКТАГЫ АРТЫКЧЫЛЫК
  • кайсы тармакты/багытты багындыра алдыңыз;
  • кайсы тармакты жакшы билесиз (башкалардан өзүңүздү мыктымын деп эсептейсиз – иш билүү жөнүндө сөз болуп жатат, жеке сыпаттар тууралуу эмес).

 Кызыгуулар, каалоолор, тажрыйба жана атаандаштыктагы артыкчылык бириккенде – бизнес мүмкүнчүлүк пайда болот.

         Сиз күйүп-бышып жаткан идеяны ишке ашырыш үчүн зарыл болгон билимиңиз жана тажрыйбаңыз каалоолоруңузга төп келгенде гана, ал иш узак мөөнөттүү болот. Идея жана анын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү эле эмес, ал ишке сиздин мамилеңиз абдан маанилүү. Ийгиликтин ачкычы – кызыгуу жана ыкыласыңыз (чын жүрөктөн берилүү).

         Бизнес идеяны тандап жатканда, көндүмдөрүңүздү өнүктүрүүгө даяр болушуңуз керек. Тандаган ишке кызыгууңуз абдан зор болуп, көндүмдөрүңүздү жакшыртууга даяр болсоңуз, анда ынаныңыз – идея туура тандалган.

 Автор: Ишкердикти колдоо борборунун Бизнес консультанты Рысбек Бекматов

Акыркылар

“Бизнес Старт” долбоорунун алкагында 80 катышуучу окутуу программасынан өттү

JIA ишкерлеринин Өзбекстанга болгон иш сапары

JIA кыргызстандык 13 ишкерге 10 000 долларга чейин гранттык колдоо көрсөттү

Курулуш тармагында көйгөйлөр тууралуу Премьер-министр менен болгон экинчи жыйынга JIAнын мүчөлөрү катышты

JIA экспортко жол ачат

Кардар издеп жатасызбы? Анда бул макала Сизге жардам берет