ОшJIA Эл аралык Эмгек уюму менен биргеликте балдар эмгегин колдонуу боюнча бизнеске болгон таасири тууралуу изилдөө жүргүздү.
Изилдөө 3 негизги экспортко багытталган продукциялардын негизинде жүргүзүлдү. Алар: грек жаңгагы, пахта, төө бурчак.
Изилдөөнүн жыйынтыгында бизнеске сунуштар иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.
Эксперттерден кеңеш
Азыркы учурда Кыргызстандагы 1 класстан баштап 11 класска чеийнки окуучулардын 30% окуп, ошол эле учурда иштеп келет. Балдар эмгеги өлкөбүздөгү көйгөй болуп келе жатат. Арзан жана квалификациясыз балдар эмгегин колдонуу, кээ бир убактылуу эле көйгөйлөрдү гана чечип, келечекте адамдык капиталдын сапатын түшүргөнү далил. Качан бир өлкөдөгү калк оор балдар эмгегин колдонууга көнүп алганда, ошол өлкө арзан эмгекти камсыздап калат. Ал эми эмгек базары болсо ошол эле бизнеске мыкты адистерди сунуштай албай калат.
Изилдөө