Image default

Бүгүнкү күндө заманбап ишкер кандай болуусу керек? Эмиль Уметалиевден топ-3 кеңеш

Заманбап ишкер кандай болуусу керек экендиги жөнүндө ойлондуңүз беле?
Бүгүнкү күндө  ишкер бат өзгөргөн заманда эмнелерге көп маани бериши керек?

Бул тууралуу Эмиль Уметалиев менен Токмок JIA мүчөлөрүнүн жолугуушусунда кызыктуу талкуу өттү.
Иш-чара Токмок шаарында өтүп, атайын спикер катары ЖЧК “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмиль Уметалиев болду.
Ишкердик тармагында бай тажрыйбага ээ болгон Эмиль Уметалиев азыркы бат өзгөрүп турган замандан артта калбай, ар күн сайын жаңыланып туруу зарыл экендигин белгилеп өттү. Ал жашоосундагы алган сабактардан, ишкердикти өнүктүрүүдө алган тажрыйбасы менен бөлүшүп,  Токмок ишкерлерине 3 маанилүү кеңешин айтып өттү:

1. Аябай көп китеп окуу, бир орунда турбоо жана улам жаңыланып изденип туруу керек;

2. Келечектин муктаждыгын алдын ала тааный билүү жана ага иш-чара көрүү керек;

3.  Глобалдуу ойлонуу керек.

Иш-чаранын аягында ишкерлер кызыккан суроолоруна жооп алышып, семинар кызыктуу маек менен аяктады.

 

Акыркы жаңылыктар

Aimak.kg : Жалал-Абад JIA Бизнес-ассоциациясынын кезектеги Жалпы жыйыны өттү

Токмок JIA ишкерлери үчүн Кегете капчыгайында кемпинг

Ыссык-Көл ишкерлери менен жолугушуу

Бизнесте балдар эмгегин колдонуу кандай таасир кылат? Экспорт кылууда кандай тоскоолдуктарды жаратат?

JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери Индияда

Талас ишкерлери эл аралык базарга чыгууга кызыктар

Комментарий калтырыныз