Image default

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

“Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди”- Жодар Сайдилканов
Кыргызстандын курулуш сектору Орусиядан келген акча которуулардан көз каранды болуп, көптөгөн эксперттер бул тармак үчүн 2022-жыл оор жыл болот деп божомолдошууда.
Курулуш сектору Кыргыз экономикасында локомотив тармактардын бири болуп, анын өнүгүүсүнөн жумуш орундары, курулуш материалдарын өндүрүү, мебель чыгаруу сыяктуу тармактардагы абалга чоң таасир берет.

Бирок, дүйнөдөгү акыркы болупр аткан окуялар курулушту банкроттук абалга алып келе тургандыгын кээ бир эксперттер айтып келет. Бирок, 16-мартта JIA бизнес ассоциациясы экономика жана коммерция министрлиги менен чогуу өткөргөн иш чарада, Бишкектеги Novotel мейманканасынын ээси жана Integra Engineering компаниясынын кош негиздөөчүсү Жодар Сайдилканов, бул кризисти кыргыз куруучулары мүмкүнчүлүктөргө айлантса болоорун айтты. Ишкердин айтуусунда кыргызстандык курулуш компаниялары үчүн бир канча жолдор бар.

“Кыргызстандагы үй куруучулар, кризистик учурда үйлөрдү Орусия жарандарына сатып, ал жактан түшкөн каражатка курулуш материалдарын алып келип, аны региондогу Узбекистан, Таджикистан же Афганистан сыяктуу башка өлкөлөргө сатуу мүмкүнчүлүгү бар”- дейт Ж. Сайдилканов.
Бирок, бул жерде ыкчам аракет кылып, рублду материалга айлантууну колго алыш керек.

Мындан сырткары, Орус компанияларынын инвестиция кылуу мүмкүнчүлүгү чектелип турган убакта, аларды Кыргызстандын курулуш тармагына тартуу жолдорун да карап көрсө болот дейт ишкер.

Форумдун эфири: БУЛ ЖЕРДЕ 

Акыркылар

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү

JIA журналисттик материалдар сынагын жарыялайт

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны – 2021-жыл