Форумду “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмиль Уметалиев жыйынтыктады. Ал өз сөзүндө мамлекеттик органдар сунуштаган идеялар, анын ичинде мамлекеттик холдинг түзүү идеясы жөнүндө сөз сүйлөп, ал азыркы учурда туура эмес деп баалады.
Эмиль Уметалиевдин айтуусунда кыргыз ишкерлери башка кээ бир өлкөлөргө салыштырмалуу эркин жана ой-пикирин, сынды айта алганы баалу сапат деп белгиледи.
Андан сырткары ишкерлер саясий окуяларга, коомдук кызыкчылыктарды коргоп келген ишкерлер, ишкерлер ассоциациялары Кыргызстандын эгемен тарыхында маанилүү роль ойногонун баса айтып кетти.
Анткени ишкердик эркиндиги бул мамлекет менен диалогго, алардын өз көйгөйлөрүн айта билүүсүнө, тең ата ой бөлүшүүгө көз каранды болуп, жыйынтыга экономиканын өнүгүүсүн камсыздай алат деген пикири менен бөлүштү.
“Азыркыдай учурда бизнес үчүн диверсификация, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы өнүккөн рынокторду ачып, алар менен иш жүргүзүүгө бет алуу керек Бул үчүн ишкердик инструменттеринен тышкары, дүйнөлүк туруктуу валюталарды, дүйнөлүк тилдерди колдонуу жана таануу Кыргыз бизнесине дүйнөнү ачат”- дейт Эмиль Уметалиев.
Форумдун эфири: БУЛ ЖЕРДЕ